Turmush — Базар-Коргон райондук соту башканы коркутуп, акча алуу боюнча айыпталган адамдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы иштин чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Асадуло (аты өзгөртүлдү А.К. угли) Базар-Коргон районундагы айылдардын биринин тургуну. Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар. Мурда соттолгон.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Асадуло кылмыштуу шериктери Есенжон (аты өзгөртүлдү Е.Ж.) жана Нодирбек (аты өзгөртүлдү) менен бирге 2024-жылдын 18-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Базар-Коргон шаарынан айылдашы Дилдорбекти (аты өзгөртүлдү Т.Д.) кармап алышып «Сен үй-бүлөсү бар аялга коңгуроо кылып, анын тынчын алып жатыптырсың. Бул кылган ишиң боюнча жооп беришиң керек» деп шантаж кылып, коркутуп, уруп, 300 миң сом акча талап кылышкан. Жабырлануучу Дилдорбекти «50 миң сом акча берейин» деп алардын колунан кутулуп чыгып, алардын опузалап, коркутууларынын кесепетинен 2024-жылдын 5-октябрында Есенжондун банктык тиркемесин 10 миң сом акча которгон.
- Тергөө учурунда Асадулого Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-3-пункттары (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) менен айып тагылган.
Сот отурумунда айыпталуучу Асадуло күнөөсүн толугу менне мойнуна алды. 2024-жылдын 18-сентябрь күнү достору менен бирге «Жигули» үлгүсүндөгү унаасы менен айылдан Базар-Коргон шаары тарапка жылкы көргөнү келишкен. Шаардан Дилдорбекти жолуктуруп калып, аны унаасына салып, «Эмне жолдошу бар аял менен мамиле кылып жатасың? Бирөөнүн аялы менен жүрүп эмне кыласың?» деп айтышкан. Дилдорбек «бул ишти акча менен бүтүрөлү» деп айткан. Андан кийин аны жолго таштап өздөрү Арстанбап айылына кетишкен.
Ошол бойдон Дилдорбек жолуккан эмес. Өзү болсо иштери менен Өзбекстанга кеткен. Андан келип Россияга иштегени кеткен. Бирок жабырлануучу Дилдорбек 10 миң сом акчаны Есенжондун эсебине которгондугун кийин уккан. Ал акчадан 1 сом да алган эмес. Бүгүнкү күндө жабырлануучу менен элдешип алышканын көрсөтүп, кылмыш ишти кыскартууну суранды.
Сот отурумунда жабырлануучу Дилдорбек да көрсөтмө берди. Ал Базар-Коргон шаарындагы Илимгүл (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал кыз менен кечки саат 22:00 чамасында жолугушууга келип, анын үйүнө жакындап калганда «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен айылдаштары Асадуло, Есенжон жана Нодирбектер тосуп чыгышкан. Алар аны унаасына салып, «Сен Илимгүл менен телефон аркылуу жазышып, ага туура эмес видеолорду жөнөтүп жатыпсың» деп коркутуп, акча талап кылып, төшкө урушкан. Аларга 10 миң сом акча которуп берген. Бирок бүгүнкү күндө айыпталуучуну кечиргендиги, элдешип алгандыгын айтып, кылмыш ишин кыскартууну суранды.
Сот отурумунда күбө катары суралган Есенжон менен Нодирбек маалымат беришти. Алар айыпталуучу Асадуло менен жабырлануучу Дилдорбек айылдаштары экендигин айтышты. 2024-жылдын 18-сентябрында Дилдорбекти жолуктуруп калышып, ага жолдошу бар аял менен мамиле кылып жатканын айтышканда ал бул ишти акча менен бүтүрүүнү сунуштаган. Себеби Есенжонго айылдаш карындашы Илимгүл телефон чалып «Менин телефонума Дилдорбек уят видеолорду жөнөтүп жатат. Жолдошум билсе ажырашып кетебиз. Ошол баланы коркутуп койгула» деп суранган. Ошол себептен Дилдорбекке түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал окуядан кийин Дилдорбек телефон аркылуу Есенжонго 10 миң сом акча которуп берген. Ал акча коротулгандан кийин укук коргоо органдары кармашкан.
Сот отурумунда күбө катары Илимгүл да маалымат берди. Ал Дилдорбекти тааныбай турганын айтты. Дилдорбек 2024-жылдын күз айларында телефон аркылуу жолугушууга чакырып, ар кандай билдирүүлөрдү жөнөткөн. Ошол себептен айылдаш таанышы Есенжонго телефон чалып, андан Дилдорбекке түшүндүрүп коюшун суранган. Ошондон кийин Дилдорбек ага WhatsApp жазганын токтоткон.
Базар-Коргон райондук соту 2026-жылдын 11-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Асадулону кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, ишти кыскартты. Ал сот залынан камактан бошотулду.