Turmush — Сузак районунун Кара-Дарыя айылында жергиликтүү жашоочулар каражат чогултуп элеттеги бейтапканага тез жардам унаасын алып беришти. Мындай маалыматты Сузак аймактык бейтапканасынын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин айыл аймактагы 17 миңден ашуун калкка медициналык жактан кызмат көрсөткөн бейтапканада бир гана «УАЗ» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы болгон.
«Жергиликтүү жашоочулар каражат чогултуп, демөөрүлөрдүн колдоосу менен «Хюндай Старекс» үлгүсүндөгү тез жардам унаасын алып беришти. Жаңы үлгүдөгү унаанын ичинде бардык мед жабдуулары, кислароддук база, реанимациялык бардык шаймандар бар. Буга чейин айылда мындай заманбап унаа болгон эмес. Айыл элине ыраазычылык билдиребиз», - деди Тургунбаев.
Сузак аймактык ооруканасы жана анын филиалдары райондун 300 миңден ашуун элине медициналык кызмат көрсөтүп келет. Мында 6 тез жардам унаасы бар. Алардын бири 2021-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаров Өзбекстанга расмий иш сапар менен баргандан кийин коңшу өлкө тарабынан белек катары берилген.