Turmush — Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү дыйкандар ашар жолу менен арык-каналдарды тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ашарга 100дөн ашык адам катышты. Жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү алкагында ички чарбалык арыктар жана каналдар тазаланды.