Turmush — 3-апрель күнү Токмок шаарында башканы сабоого шектелген 2 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 3-апрель күнү болжол менен саат 13:26да Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө Токмок шаардык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ж.Н. жаракаттары менен медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы маалымдалган.
Ал Токмок шаарынын №3 микрорайонунун, «Касиет» устаканасынын алдында өзүнө таандык «Volkswagen Passat» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп турган. Ошол маалда 2001-жылы туулган Ж.М. аттуу жигит «BMW» үлгүсүндөгү унаасы менен келип, туура эмес токтоп, башка унааларга жолтоо кылган. Бир адам ага туура токтоткону боюнча эскертүү бергенде, Ж.М. газды катуу басканда, жээктеги кичинекей таштар башка унааларга чачыраган.
Бул окуядан улам Ж.Н. менен Ж.М. ортосунда мушташ болгон. Ж.М. болсо Ж.Н.ны таш менен урган. Ал кулап калган тепкилиген. Анын кесепетинен жабырлануучунун сол колунун чыканагы чыгып кеткен.
Кийинчерээк Ж.Н. туугандарын чакырып, 1996-жылы туулган, А.А., жана 1988-жылы туулган, Ж.С. аттуу агалары келген. Алар келгенде Ж.М. кара түстөгү таяк алып каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок Ж.С. таякты тартып алып бир нече сокку уруган. Ж.М. жерге кулаганда, А.А. дагы бир нече жолу бетине сокку урган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иш козголгон. Окуяга катышкан бардык жарандар Токмок ШИИБге жеткирилген. 1996-жылы туулган А.А. менен 1988-жылы туулган Ж.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди..
Учурда тергөө иштери уланууда.
3-апрелинде социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда 1 адамды бир нече киши сабап жаткандыгы тартылган видео аныкталган. Аталган факт Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, мыйзамда белгиленген тартипте текшерүү иштери башталган.