Turmush — Мирлан Орозбаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал бүгүн, 1-апрелде жамаатка тааныштырылды.
- Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында Илияз Ташбаев иштеп келген. Ал президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Чүй облусунун Москва районунун акими болуп дайындалды.
Орозбаев Мирлан Кубатбекович 1981-жылдын 5-ноябрында Ош облусунун Алай районунун Жибек-Жолу (мурдагы Ленин) айыл аймагынын Мурдаш айылында туулган.
Билими жогорку. Адистиги — юриспруденция, юриспруденция боюнча магистр.
- 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктап, юриспруденция адистигине ээ болгон;
- 2003-жылы ошол эле окуу жайдын юридикалык факультетин бүтүрүп, юриспруденция адистиги боюнча магистр даражасын алган.
Эмгек жолу:
- 2005-жылы — Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү;
- 2010-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өзгөчө маанилүү иштер боюнча 10-башкы башкармалыгында оперативдик иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу өкүл;
- 2015–2018-жылдары — «Ыйык-Жол» коомдук фондунда кайрымдуулук жана коомдук-саясий иштер менен алектенген;
- 2018–2020-жылдары — «Эл аралык жаштар ассамблеясын» негиздеген;
- 2020–2022-жылдары — «Юрдикт» юридикалык компаниясынын директору;
- 2022-2024-жылдары — Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси;
- 2025-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматында эмгектенген;
- 2026-жылдан тартып жаңы кызматка дайындалганга чейин «Улуу Журт» юридикалык компаниясынын башкы директору болуп иштеп келген.