Turmush — Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жобосун өзгөртүү боюнча сунуш киргизилет. Бул тууралуу курулуш тармагы боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев Turmush басылмасына берген комментарийинде билдирди.
Буга чейин социалдык тармакка Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы банкрот болуу алдында турганы тууралуу маалымат тараган. Колдонуучулар муну мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин Михаил Щепкин атындагы жогорку театрдык окуу жайын бүтүргөн 22 бүтүрүүчүгө акысыз берилген батирлер менен байланыштырган.
Шумкарбек Пайзиевдин айтымында, аталган маселе жакын арада Ош шаардык кеңешинин сессиясында каралып, акыркы чекит коюлат.
«МИКтен Щепкиндин 22 бүтүрүүчүсүнө, бир агайына, 3 эм төрөлгөн 5-6 алты үй-бүлөгө үй берилген. Аларды үйгө жөн эле киргизип коюшкан, документтери берилген эмес. Бул маселе боюнча жакында Ош шаардык кеңешинин сессиясына маселе сунуштайбыз. МИКтин жобосун алар бекитип беришкен. Биз ошол МИКтин жобосуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралу маселени сунуштайбыз. Ошондон кийин акыркы чечим кабыл алынат.
Ал эми МИКтин өзү боюнча айта турган болсом. Ишкананын эки программасы бар. Бири — үлүштүк курулуш, экинчиси — муниципалдык ипотека. Анан коомчулукта айтылып жактандай, бул ишкана банкрот болбойт. Ипотекалык программасы бир аз аксашы мүмкүн», - деди ал.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 13-мартындагы №113 , Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 5-апрелиндеги №85 жана 23-апрелиндеги №95 тотомдорунун негизинде «Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасы катары түзүлгөн.
2019-жылдын 22-мартынан тартып Ош шаарынын мэриясынын №49 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы болуп кайра түзүлгөн.
---------------------------------------------------------------
Turmush 2025-жылдын 17-июлунда Ош шаарында 3 эм балалуу жубайлар, театралдык окуу жайдын 22 бүтүрүүчүсү жаңы батирге ээ болгонун жазган.
Ипотекалык программанын алкагында курулган Краснофлот көчөсүнүн №5 дарегиндеги 96 батирлүү 9 кабат үй курулуп бүткөн.
Ошто театрда иштей баштаган артисттер:
2025-жылдын 20-майында Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында Москва шаарындагы М.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу тосуп алышкан. 22 бүтүрүүчү (актер, актрисалар) мугалимдери менен бирге келишкен. Алар Ош улуттук драма театрына жумушка кабыл алынган.
Артисттерге убадаланган батирлер:
22-май күнү аталган жаш актёрлорго убадаланган батирлер көрсөтүлгөн. Шаар жетекчилиги муниципалдык ипотека программасынын алкагында курулуп, аларга бөлүнүп берилүүчү 1 бөлмөлүү батирлерди көрсөтүп чыккан. Анда 22 батир чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлөрү айтылган. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 22 маданият кызматкери эми Ош шаарында жашап иштешет.