Turmush — Кутманалы Абдырахман уулу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Иманалиева Айдана Керимбековна президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Turmush басылмасына белгилүү болгондой, тиешелүү тескемелерге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы жетекчилерди тааныштыруу бүгүн, 30-мартта саат 10:00гө пландалган.
Арпачиев Данияр Карагулович президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул кызматта ал 2024-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.

Султанбаева Айнура Жолдошбековна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2022-жылдын 22-майында дайындалган болчу.

Кутманалы Абдырахман уулу буга чейин Ош шаарынын мэринин орун басары болуп иштеген, Ош шаарындагы муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы болгон.
Ал 2024-жылдын ноябрь айында Ош шаардык кеңешин шайлоодо «Мурас» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.
Айдана Иманалиева 2025-жылдын 3-июлунан тарта президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген. 2024-2025-жылдары Панфилов районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын 28-декабрынан 2024-жылдын 28-майына чейин Президенттин администрациясынын чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн инспектору болгон.