Turmush — Энергетика тармагынын ардактуу кызматкери, көп жылдык тажрыйбалуу адис, кесипкөй жетекчи Чоюбеков Сүйүтбек Чоюбекович дүйнөдөн кайтты.
Сүйүтбек Чоюбеков 1953-жылдын 26-январында Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Ак-Суу айылында төрөлгөн. 1979-жылы Фрунзе политехникалык институтун өнөр жай ишканаларын, шаарларды жана айыл чарбасын электр менен камсыздоо адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун жөнөкөй электромонтажчыдан баштап, өзүнүн тырышчаактыгы, жоопкерчилиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен энергетика тармагында чоң абройго ээ болгон. Ар кайсы жылдары «Киргизэнергоремонт», «Киргизглавэнерго», Ош ПЭС жана Ош ПВЭС мекемелеринде эмгектенип, инженерден баштап башкы инженер, көмөк чордон кызматтарынын башчысы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалаган.
Ал өз ишине берилген, принципиалдуу, талапты катуу койгон, ошол эле учурда адамгерчиликтүү жетекчи катары кесиптештеринин эсинде калды. Көп жылдык эмгеги менен энергетика тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Кыргыз энергетика тармагына жигердүү жана талыкпас эмгеги менен чоң салымын кошкодугуна байланыштуу мамлекеттик жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон:
- Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы;
- Ош облустук мамлекеттик админстрациясынын ардак грамотасы;
- «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын ардак грамотасы;
- КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин (ЭЭС СНГ) ардак грамотасы;
- Энергетика министрлигинин ардак грамотасы.
Сүйүтбек Чоюбековичтин жаркын элеси, ак ниети жана жасаган эмгектери биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилиги көңүл айтат.