Turmush — Думуров Самат Турганбаевич Ош облусунун Араван районуна караштуу Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына өзү тастыктады.
Самат Думуров буга чейин Аравандын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан. Ал ротация аркылуу 2026-жылдын 12-мартында Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Ал эми С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына Мамиржан Кадиров дайындалды. Ал буга чейин Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.