Turmush — «Электр энергетика секторунун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы тарабынан Ысык-Көл электр тармактар ишканасына жаңы 20 даана трансформатор алынып келинип, орнотуу иштери башталды.
Анын ичинен төмөнкү РЭТтерге трансформаторлор бөлүндү:
- Жети-Өгүз РЭТине — 2 даана
- Балыкчы РЭТине — 1 даана
- Ак-Суу РЭТине — 2 даана
- Чолпон-Ата РЭТине — 3 даана
- Тоң РЭТине — 1 даана
- Түп РЭТине — 3 даана
- Каракол РЭТине — 8 даана
Учурда кардарларга сапаттуу жана туруктуу электр жарыгын берүү максатында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында кубаттуулугу 250 кВА болгон жаңы трансформатор орнотулду. Жаңы трансформаторлорду орнотуу:
- Электр энергиясын берүү учурундагы жоготууларды азайтат;
- Керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоону камсыздайт;
- Жүктөмдүн өсүшүнө жараша тармактын туруктуулугун арттырат.
Электр энергиясы боюнча бардык суроолор менен төмөнкү байланыш номурларына кайрылыңыз:
Колл-борбору: 105; 1209
Мобилдик номурлар: +996 772 00 1209; +996 702 00 1209
WhatsApp: +996 556 00 1209