Turmush — 2023-жылдын 1-июлунда Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдыгы, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдыгына карата арналган «Улут баскан улуу жол» этнофестивалынын алкагында «Улутум басты улуу жол, улуктардай бийик бол» аттуу эл аралык кыргыз-казак айтышына чакырат.
Иш-чара Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында жана Каракол шаарынын борбордук аянтында уюштурулат. Этнофестивалдын күндүзгү бөлүгү 10:00дө башталып, кыргыз жана казак төкмө акындары өз өнөрлөрү аркылуу ат салышат.
Айтышка катыша турчу кыргыз акындары:
1. Азамат Болгонбаев;
2. Максат Кулуев;
3. Эсенбек Кийизбаев;
4. Изат Айдаркулова;
5.Чыңгызхан Кожошов;
6. Турат Жумаев;
7. Жылдызбек Төрөканов;
8. Кубат Тукешов.
Айтышка катыша турчу казак акындары:
1. Жансая Мусина;
2. Айтбай Жумагулов;
3. Мухтар Ниязов;
4. Талгат Мыки.
Аны менен катар бир катар кароо-сынактар уюштурулат:
- «Кол өнөрчүлөрдүн жана шырдак дүйнөсү» сынагы;
- «Этно мода» сынагы;
- «Фольклордук этнотоптордун салтуу музыка» сынагы;
- «Элдик көчө театрлар» сынагы;
- «Тарыхта калган так теке» сынагы;
- «Шайыр апалар» сынагы;
«Садыр Аке», «Кыдыр Аке» боз үй музейлери, «Аш-лянфу FEST» көргөзмөсү, салбуруун көргөзмөсү менен катар улутубуздун баа жеткис нарктуу өнөрлөрү тартууланат.
Этно-фестивалдын гала-концерти кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда саат 20:00дө башталат.
Кирүү акысыз.