Turmush — Көп жылдар бою иштебей турган «Ысык-Көл» кинотеатры кароосуз калып, караколдук ишкер тарабынан ижарага алынган.
Ал 2021-жылы ишкер имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетүүгө долбоор жазып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Фонддун байкоочу кеңеши долбоорду колдоого алып, 18 миллион сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары ишкердин өздүк салымы бар.
Аталган каражатка кинотеатр толугу менен реконструкцияланды. Тактап айтканда, чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалары оңдолду. Электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатып алынды.
Ишкердин айтымында, имараттын дубалынан тартып бардык бөлүктөрү оңдоодон өттү. Себеби, имарат кароосуз калгандыктан, өтө кейиштүү абалда болгон. Оңдоо учурунда бардык коопсуздук талаптары эске алынгандыгын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 90 пайызы аяктап калды. «Ысык-Көл» кинотеатры — облустагы ири кинотеатрлардын бири. Кинотеардын ишке кириши менен 100гө жакын жумуш орундары түзүлмөкчү.
Кинотеатрда 6 тасма залы бар. Бир учурда 400гө жакын көрүүчүнү кабыл ала алат. Ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы жана дүкөндөр болору күтүлүүдө.