Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Зубагүл Курманалиева үй шартында гүл өстүрүү менен алектенип, аны өзүнүн сүйүктүү хоббисине айландырган.
Каарманыбыз 1975-жылы төрөлгөн. Төрт баланын энеси жана эки неберенин чоң энеси. Анын айтымында, акыркы жылдары кооздук үчүн өстүрүлгөн декоративдик гүлдөргө кызыгуу күчөп, алар сатыкта кеңири сунушталууда. Ал дал ушул багыттагы гүлдөрдү тандап, батир шартында өстүрүп келет.
Зубагүл Курманалиева көп кабаттуу үйдө жашагандыктан жана терезеси тескей тарапта жайгашкандыктан, жарыкты көп талап кылбаган өсүмдүктөргө басым жасап өстүрүп келет. Айрым гүлдөрдүн жакшы өсүшү үчүн кошумча диоддук жарык орнотуп, өз алдынча тажрыйба жүргүзүүдө.
Учурда ал герань, каланхое, орхидея, фиалка жана гортензия сыяктуу гүлдөрдү өстүрүп жатат. Фиалканы акыркы төрт жылдан бери жалбырагынан көбөйтүп, аны белгилүү мезгилде, январь же февраль айында отургузса март, апрелде бутак чыгарып, бир аз өсүп калат. Өскөн сайын идишин көлөмүнө жараша алмаштырып отургузуп, этап-этабы менен өстүрүүнү өздөштүргөн. Ал эми быйыл гортензияны көбөйтүү ыкмасын колдонуп, жаңы көчөттөрдү алууга жетишкен.
Гүлдөрдү кароодо табигый ыкмаларды да пайдаланат. Мисалы, пияздын кабыгын кайнак сууга демдеп, айрым өсүмдүктөргө азык катары колдонот. Ошол эле учурда ар бир гүлдүн өзгөчөлүгүн эске алып, туура сугаруу жана кам көрүү ыкмаларын сактайт.
Зубагүл айым күн сайын эртең менен гүлдөрүн карап, алардын абалын көзөмөлдөйт. Жарык жетишсиз болгон учурда кошумча лампаларды колдонуп, шарт түзөт. Өсүмдүктөр ооруп калган учурда атайын каражаттар менен дарылоо иштерин жүргүзөт.
Анын айтымында, учурда үйүндө гүлдүн ондон ашык түрү бар. Келечекте бул ишти чакан бизнеске айлантууну пландоодо. Азырынча үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бул максатын кийинкиге жылдырып келет.