Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы окуя боюнча текшерүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 6-апрелинде саат 19:00 чамасында Токмок ШИИБге билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө Токмок шаарынын 3-кичи районунун аймагында белгисиз адамдар күмүш түстөгү «Audi C4» үлгүсүндөгү автоунаага адамды күч колдонуп салып кетишкени тууралуу маалымдалган. Аталган маалымат Токмок ШИИБге катталып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2002-жылы туулган Ш.Ч. өз иштери менен жүргөн учурда эски таанышы — 1999-жылы туулган С.К. уюлдук телефон аркылуу чалып, жолугушууну сунуштаганы аныкталган. Экөө болжол менен саат 17:00 чамасында жолугушкан. Алар жолуккан жерде адамдар көп болгондуктан, башка жакка барып сүйлөшүүнү чечишкен.
«Ошол учурда С.К. айдап келген «Audi C4» үлгүсүндөгү автоунаага отурушкан. Бул учурда алардын достору — 1998-жылы туулган Э.А., 1998-жылы туулган С.у.А. жана 2000-жылы туулган С.М. бири-бири менен тамашалашып, орун талашып, жеңил түрдө түртүшүп, тепкилешкен.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бирок катышуучулардын бардыгы андан өтүүдөн баш тартышкан. Анткени бири-бирине карата арыздары жок экенин билдиришкен.
Учурда окуяга тиешелүү жарандар аныкталып, Токмок ШИИБине жеткирилди. Текшерүү иштери улантылууда», - деп айтылат милициянын маалыматында.