Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дене тарбиячы мугалимдердин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекованын айтымында, мелдеш дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун — Соң-Көл өрөөнү;
- 2-орун — Орто-Сырт өрөөнү;
- 3-орун — Бычан өрөөнү.
Жеңүүчүлөргө кубок, медаль, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.