Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында өспүрүм баланы унаа сүзүп кетти.
Turmush басылмасына маалым болгондой, кырсык 2026-жылдын 29-мартында Бишкек—Ош унаа жолунун 388-800-чакырымында болгон. 1987-жылы туулган К.Г.Ж.нын башкаруусундагы «Changan» үлгүсүндөгү унаа жолго чуркап чыккан 2014-жылы туулган А.Э.К.ны сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен өспүрүм бала жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Учурда кырсык боюнча териштирүү жүрүп жатат.