Turmush — Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы балдар бакчасында суу жылыткыч жарылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 31-мартта таңкы саат 06:00 чамасында болгон. Жарылуудан эч ким жабыркаган эмес.
«Бүгүн эртең менен айылдагы №25 “Бакыт” балдар бакчасында жарылуу болду. Саат 6лар чамасында кароолчу келип, дарбазанын кулпусун ачып жаткан учурда катуу жарылуу угулган. Натыйжада имараттын ичиндеги дубалдар урап, бронь эшик орнотулган жеринен жулунуп чыгып кеткен. Баары кудум бомба түшкөндөй абалда болуп калды. Кийин текшергенде ашканада турган 100 литрлик суу ысытуучу аристон жарылганы белгилүү болду. Бакчанын кызматкерлери өткөн жылы аристонду тазалатып, оңдотуп иштетип келишкен экен. Бактыга жараша, ошол учурда имаратта ашпозчулар да, балдар да болгон эмес. Учурда тиешелүү кызматтар иш алып барып жатышат», — деди жергиликтүү тургун Надырбек Ташбаев.
№25 “Бакыт” балдар бакчасы 2016-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда бул мекемеде 130 бала тарбияланып, 25 кызматкер эмгектенет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram