Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын балбан кызы Аяна Амантаева эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатында коло медаль тагынды.
Тоголок Молдо айылындагы спортчу жана машыктыруучу Урмат Кадырбек уулунун айтымында, 25-26-март күндөрү Бишкек шаарында 15 жашка чейинки кыздар арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өткөрүлүп, ага аталган айылдагы Рахматалы Нурдөөлөтов атындагы спорт клубунан Аяна Амантаева катышты. Ал 36 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында коло медалдын ээси болду.
«Аяна мага келгенине 3 жылдай болду. 3 жылдан бери машыктырып, окутуп келе жатам. Ал буга чейин, 2025-май айында Нарын облусунда өткөн эл аралык мелдеште күмүш байгеге ээ болгон. Ал эми жакында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионатына жалгыз Аянаны алып баргам. 15 жашка чейинки кыздар арасында 3-орунду багындырып, коло медаль тагынды», - деди машыктыруучу.