Turmush — Чүй облусунун Чүй районунда «Рулда» аталышындагы рейд учурунда мас абалында унаа башкарып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 22-мартта болжол менен саат 00:20 чамаларында Чүй районунун аймагынын «КИА К5» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — 1991-жылы туулган Ж.К.Р. жол тескөөчүлөр тарабынын токтотулган учурда экспертизадан мас абалында эккени тастыкталды. Унаасы айып короого токтолуп, айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 193-беренеси (мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) менен протокол толтурулду.
Жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түнкү «Рулда» рейддик иш-чарасын өткөрүүдө.