Turmush — Кечээ, 19-марттан бери Талас облусунда «Терезени караңгылатуу» рейди өтүп жатат. Бул тууралуу жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, анын алкагында унаалар текшерилип, мыйзам бузуу фактыларына карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Рейд учурунда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уруксаты жок өз алдынча унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатып алгандыгы аныкталды. Ага 20 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул рейд 21-мартка чейин уланат.