Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Москва облусунун Бекасово районуна караштуу Федоровское айылында жашаган Бермет Бекмухамедова. Учурда ал үй-бүлөсүнө татыктуу тарбия берүү менен балдарын көп тилде окутуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Берметтин максаты — балдарына билим берүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, аларга дүйнө тилин үйрөтүү жана келечекте Кыргызстанда англис тили боюнча өз мектебин ачуу.
Бермет Бекмухамедова 1998-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында төрөлгөн. Ал Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер факультетин аяктаган. Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун энеси.
Болочок жолдошумду Москвага баруу аркылуу таптым.
Негизи окууга Москва мамлекеттик педагогикалык университетине тапшыргам. Бирок 1-курсту аяктагандан кийин Ош шаарына которулдум. Кийинки жылдары жайкысын Москвага келип, ресторанда официант болуп иштеп, өзүмдү камсыздап жүргөм. Ошол эле ресторанда жолдошумдун таякеси иштейт болчу, тааныштырайын деп жүрүп, номурумду бериптир. Кыргызстанга келгенде жолдошум жазып жүрдү, а бирок ал жылы келе албадым Москвага. Себеби Германияга кетип жатканмын. Сентябрь айында жолуктук, ошол эле айда сөйкө салып, анан 8-мартта баш коштук.
Россияга келгенимдин себеби — жолдошум орус жараны (улуту кыргыз).
Учурда шаарда эмес, Федоровское айылында жашайбыз. Коңшуларыбыздын мамилеси жакшы, жашоого жана балдарды тарбиялоого шарттар бар. Канча шарт болсо да, ата мекенди сагынуу сезими дайыма болот. Келечекте Кыргызстанга кайтуу ниетибиз бар. Бул жакта жумушсуз калуу коркунучу азыраак, анткени туруктуу жумуштар көп.
Мугалим болгондуктан балдардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурам. Бул жерде балдар үчүн ар кандай ийримдер, секциялар көп. Учурда кызым сууда сүзүүнү үйрөнүп жатат. Мен үчүн эң чоң жетишкендик — балдарыма татыктуу тарбия берүү. Алар келечекте өз ордун таап, элибизге жана жерибизге пайдалуу адамдар болсо, ошол менин эң чоң ийгилигим.
Балдарыбызга бизде болбогон нерселерди алып берүү эмес, биз билбеген билимдерди үйрөтүү маанилүү.
Кызыма токтоло кетсем, 2023-жылы Германияга барып, ал жакта 7 ай иштеп келгем. Немис тилин жакшы билбесем да, англис тили аркылуу сүйлөшчүмүн. Ошол учурда «канча тил билсең, ошончо дил билесиң» деген сөздүн маанисин жакшы түшүндүм. Ошондон кийин балдарыбызга бизде болбогон нерселерди алып берүү эмес, биз билбеген жана бизге үйрөтүлбөгөн билимдерди үйрөтүү маанилүү экенин түшүндүм.
Ал кезде кызым таенеси менен калган. Мен келгенде ал 3 жашка толгон эле. Ошондон кийин кызым менен ойноп, ырдап, бийлеп, жаратылышты кайрадан бирге үйрөнө баштадык. Бул иштердин баарын англис тилинде жүргүздүк. Башында кыргызча сүйлөгөн кызым англис тилин түшүнбөй кыйналды, бирок жарым жылдан кийин жакшы жыйынтык байкалды.
Кийин англис тилин жакшы түшүнүп, сүйлөй баштаганда немис тилин да үйрөтө баштадым. Азыр толук сүйлөбөсө да, аракет кылып жатат. Алдыда дагы көп нерселерди үйрөтүүгө аракет кылам. Анткени биздин бүгүнкү аракет — балдарыбыздын эртеңки келечеги. Учурда кызым англис, орус тилин жакшы деңгээлде сүйлөп калган жана азыр басымды немис жана кыргыз тилдерине жасап жатабыз.
Кичинекей балам 10 айлык, азырынча кыргызча эле сүйлөшөм. Ага 3 жашка чыкканда үйрөтө баштайм, бирок кызымды кандай окутсам, балама да ошол ыкмаларды колдонуп, кыргызча үйрөтүп жатам. Ал ыкма — “Один родитель — один язык”. Ата бир тилде, апа башка тилде сүйлөшөт. Бала да ата-эне кайсы тилде сүйлөсө, ошол тилде жооп беришти үйрөнөт. Башында түшүнбөй кыйналышы мүмкүн, бирок бул убакыттын ичинде, 6 ай ичинде үйрөнүп калат.
Кыргызстанга барып, балдарга англис тилин жеңил жана кызыктуу ыкмалар менен үйрөткүм келет.
Бул жерге келип кыйынчылык деле көргөн жокмун, анткени жолдошум жана кайын журтум ар тараптан колдоп, жардам берип келишет. Москва шаарында кыргыз мекендештер абдан көп болгондуктан, алар менен да жолугуп, байланышып турабыз.
Үй кожейке жана эне болгондуктан бош убакыт көп боло бербейт. Бирок эки балама тең убакыт бөлүүгө аракет кылам. Айрыкча 5 жаштагы кызым менен бирге көп нерселерди үйрөнөбүз. Мисалы, мамлекеттерди жана алардын желектерин окуп үйрөнүп жатабыз.
Менин максатым — келечекте Кыргызстанга барып, балдарга англис тилин жеңил жана кызыктуу ыкмалар менен үйрөтүү. Ошондой эле өзүмдүн мектебимди ачуу кыялым бар.