Turmush — Бүгүн, 19-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март — Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чаралар учурунда өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, ошондой эле башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана өздүк курам катышты.
Саптык кароонун жүрүшүндө кызматкерлерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар берилди.
Облус жетекчилиги Нооруз элдик майрамы учурунда милиция кызматкерлери аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барарын белгилеп, жарандарды мыйзамдарды сактоого чакырды.
Нооруз майрамына карата облус аймагында 1000ден ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздайт.