Turmush — Көк бөрүчү, «Достук» командасынын чабуулчусу Манас Ниязовдун атасы көз жумду.
Turmush басылмасына маалым болгондой, Токтогул Ниязов бүгүн, 16-мартта каза тапты. Ал буга чейин ооруп келгени айтылууда.
Токтогул Ниязов 1954-жылы туулган. Артында жубайы, 5 уулу, неберелери калды.
------------------------------------------------------
2026-жылдын 8-февралында Өзгөн районунда белгилүү улакчы, көк бөрү боюнча «Достук» командасынын чабуулчусу Манас Ниязов балдарынын сүннөт тоюна жана ата-энесинин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат өткөргөн.
Мааракенин алкагында аламан улак уюштурулуп, ага коңшу мамлекеттерден коноктор келген. Мелдеш Кемпир-Абад суу сактагычынын жээктеринин биринде өткөрүлдү.
Айрым эсептөөлөр боюнча, аламан улакка 20–30 миңден ашуун адам чогулган.
Ниязовдордун үй-бүлөсү көк бөрү жана улак тартыш боюнча белгилүү. Алар: Манас, Жаныш, Баяман, Кыяз жана Байыш. Улак тартыш оюнун алгач Манас Ниязов ойной баштаган. Атасы улакчы болгондуктан Манас анын жолун жолдогон. Ага улакчу болууга агалары жардам берип, шарт түзүшкөн.
Ниязовдордун үй-бүлөсүндө 5 уул, 2 кыз бар.
