Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын борборунда мамлекеттин балансына өткөрүлгөн 6 кабаттуу имарат 49 жылга ижарага берилди. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул курулушту мэриянын балансына өткөрүп берген. Ошондон кийин мэрия имаратты пайдалануу же ижарага берүү укугуна ээ болгон.
Мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында, учурда ал жерде имараттын каркасы гана бар. Аны толук бүтүрүп, соода борборуна айландыруу үчүн болжол менен 300-400 млн сом талап кылынат. Бул маселе шаардык кеңештин сессиясында талкууланып, инвестиция тартуу чечими кабыл алынган. Натыйжада «Золотой квадрат» компаниясы инвестор катары тандалып, объект 49 жылга ижарага берилди.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Золотой квадрат» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Талайбек уулу Нурбек, негиздөөчүсү — Ботояров Мамасыдык Абдугуламович. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу. Компания 2019-жылы 11-мартта каттоодон, 2025-жылы 28-майда кайра каттоодон өткөн.
«Инвестор ушул жылдын 31-августуна чейин 300 млн сомдун тегерегинде каражат сарптап, соода борборун куруп бүтүшү керек. Бул үчүн мэриядан бир сом да чыкпайт. Биз объектти менчикке берген жокпуз, болгону 49 жылга ижарага өткөрүп бердик», - деп билдиришти шаар бийлигинин өкүлдөрү.
Долбоор боюнча имарат толук бүткөндөн кийин анын 3-4 кабаты мэриянын карамагына өткөрүлүп берилет. Шаар бийлиги бул аянттарды өз муктаждыктарына пайдаланууга же ижарага берүүгө укуктуу болот.
Калган төрт кабатты инвестор базардагы ишкерлерге ижарага берери айтылды. Мунун негизинде шаар борборундагы жол тыгынын азайтуу максаты да көздөлүүдө. Ошондой эле келечектеги соода борборунда 50-60 унаага ылайыкташкан автоунаа токтотуучу жай каралган.
Мэриянын маалыматына караганда, эгер имаратты бузуу чечими кабыл алынса, аны толугу менен бузууга болжол менен 10-15 млн сом талап кылынмак.
2025-жылы июль айында УКМК Ноокат шаарында 6 кабаттуу курулушу бар 0,22 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылганын билдирген.
Маалыматка караганда, шаардагы «ЭУМ» ЖЧКсы 0,22 гектар жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алуу менен 6 кабаттуу имараттын курулушун иштерин жүргүзгөнү аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «ЭУМ» жабык акционердик коомунун жетекчиси 6 кабаттуу имарат менен бирге 0,22 гектар жер тилкесин мамлекеттик баланска өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Ноокат шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, Ноокат райондук эл депутаттарынын кеңешинин аткаруу комитетинин 1983-жылдын 26-июлундагы чечими менен Эски-Ноокат айылында (азыркы Ноокат шаары) 600 орундуу маданият үйүн долбоорлоо жана куруу жөнүндө акт бекитилип, маданият үйүн курууга 1,2 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
Бирок ага карабастан 2004-жылдын 8-апрелинде Ноокат шаардык кеңешинин XXI сессиясында токтом кабыл алынып, анда 0,04 гектар жер тилкеси «МОМ» ЖЧКсына менчикке берилгени көрсөтүлгөн.
Бул жер тилкеси жана курулур жаткан имарат боюнча маселе ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы менен болгон жолугушууда да көтөрүлгөн.
«Ноокаттын «круговоюндагы» Тагаев Айтибайдын имараты боюнча жарандык иштер боюнча бардык соттун чечимдерди чыгыптыр. Баарынан мамлекет утулуптур. Бул имараттын турган жери маданият тармагына тиешелүү болгон, мыйзамсыз берилген. Бирок соттун чечимдери кандай чыкканын аны дагы бир сыйра карап чыгышыбыз керек. Прокуратура УКМК менен биргеликте ушул маселени карагыла. Анын ээси Айтибай Тагаев менен иш алып баргыла. Чакыргыла, сүйлөшкүлө, имаратты мамлекетке өткөзүп берсин. Эгер мамлекетке өткөзүп бербей турган болсо, кылмыш ишин козгогула. Аким, Айтибай Тагаевге башка жерден жер бересиңер. Ал имаратты алып мамлекет өткөрөсүңөр, акчаны бөлүп, оңдоп, мамлекеттик органдарды киргизебиз. Эми курулуп калган нерсенин бузуп ташташтын кереги жок.
Имараттын ээси менен иш жүргүзүңүз. Ал киши суранып келгенде макул деп жардам берип койгом Кызыл-Кыядагы бир ишканасына. Ал кишинин «точкалары» көп. Укмуш мамлекеттен алган жерлери көп. Иш козгогула, иликтеп, мамлекеттин пайдасына чечкиле. Бул канча жылдан бери турат? 15 жылдан бери турат. 15 жылдан бери турган ишти 15 күндө чечкиле. Ушул айдын аягына чейин чечкиле. Колуңардан келбесе анда өзүм иш алып барам», - деген Ташиев.
Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматына караганда, курулушту долбоорлоп куруп баштаган «ЭУМ» жабык акционердик коому уруксат кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзгөн.
«Мыйзам боюнча курулуштардын баары реестрге катталып, уруксат алып, анан курулуш жүргүзүш керек. Реестрге катталбай туруп, өзүм билемдик менен курулуш болуп кеткенине байланыштуу мыйзам чегинде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-бересинин (долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу) 1-пункту менен 200 миң сом айып пул салынган», - деп айтыган маалыматта.
Ал эми Ноокат районунун акимин орун басары Жунус Абилов бул курулуш боюнча соттук иштер жүрүп жатканын билдирген.
«Жергиликтүү бийлик прокуратура менен биргеликте «ЭУМ» (жабык акционердик коому) компаниясын жерди баштапкы калыбына келтирүү боюнча сотко бергенбиз. Мурдагы иш кагаздарында бул жер Ноокат шаарынын балансындагы жер болуп турган. Тактап айтканда, Ноокаттын маданият үйүнүн аянтчасы болгон. Жалпы аянты 18 сотых жерди ээлейт. Алар райондук жана шаардык соттон жеңип алышты. Азыр иш Жогорку сотто кароодо турат», - деген Абилов.
2024-жылдын 19-августунда Мамкурулуш Ош региондук мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы «ЭУМ» жабык акционердик коому тарабынан долбоорлонуп курулуп жаткан Ноокат районунда борбордук айлампанын күн батыш тарабындагы соода борбордун курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргүзгөнүн билдирген.
---------------------------------------------------------------------------
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «ЭУМ» ЖАКтын жетекчиси — Тагаев Эрдовлат Султанович. Негизги ишмердүүлүгү — коммерциялык, ишкердик коомдук уюмдардын (ассоциациялардын) иши. ЖАК 1999-жылдын 11-июнунда катталган, ал эми 2015-жылдын 14-майында кайра каттоодон өткөн.
Тагаев Эрдовлат Султанович Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2000-2005-жылдары «ЭУМ» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы, 2005-2018-жылдары «НУР-КМ» ААКнын (Кызыл-Кыя шаары) директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
2018-жылдын 2-ноябрында БШК Эрмамат Тагаевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, депутаттык күбөлүк жана төш белги берген (парламентке «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен, депутат Аскарбек Шадиевдин ордуна келген).

Эрмамат Тагаевдин агасы — Тагаев Айтибай Султанович. Ал 1994-1998-жылдары «НУР-КМ» ААКтын (Кызыл-Кыя шаары) башкаруусунун төрагасы, 1998-жылы «НУР-КМ» ААКтын (Кызыл-Кыя шаары) директорлор кеңешинин төрагасы, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2008-жылы парламенттин төрагасы, 2009-жылдын 17-декабрынан 2010-жылдын апрелине чейин Баткен облусунун губернатору кызматын аркалаган.