Turmush — Ош облусунда социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү экспертизанын корутундусуна ылайык, ал социалдык тармактар аркылуу экстремисттик жана террордук уюмуна таандык болгон материалдарды жайылткандыгы аныкталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) жана 330-беренесинин (рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Ж. у. М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары уланууда.