Turmush — Каракол шаарынын бактарына, сейил бактарына, клумбаларына жана жол жээктерине отургузуу үчүн 110 миңден ашык гүл өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы билдирди.
Аталган ишкананын ландшафт дизайнери Бегайым Айткулованын айтымында, гүлдөр мекеменин күнөсканасында өстүрүлүүдө.
«Алардын арасында гибрид гүлдөр бар. Алар: катарантус, виола, георгин, бархатцы, циния, петуния. Мындан тышкары жергиликтүү сорттогу рудбекия, гайлардия сыяктуу гүлдөр да өстүрүлүп жатат. Ар бир гүлдүн өзгөчөлүгүнө жараша аларды февраль айында отургузуп баштаганбыз. Алгач үрөн себүү иштери жүргүзүлдү. Учурда пикировка иштери жүрүп жатат. Өстүрүлгөн гүлдөрдү апрель айынын аягынан тарта шаардын аймагына отургузуу башталат», — деди ал.
Маалыматка караганда, гүлдөрдүн арасында Караколдун аба ырайына туруктуу жергиликтүү түрлөрү да бар. Ал эми гибрид гүлдөрдүн уруктары чет өлкөдөн алынып келинген.
Ишкананын жашылдандыруу боюнча адиси Андрей Коноваловдун айтымында, көп жылдык тажрыйбага таянып, катарантус сорту Каракол шаарынын шартына жакшы ыңгайлашары аныкталган.
«Катарантус ысык аба ырайында көп сугарууну талап кылбайт. Былтыр бул гүлдү шаар ичинде отургузуп көргөнбүз. Ал өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, жакшы өстү. Гүлдөө мезгили жайдын эң ысык учуруна туура келди.
Ошондой эле адистер бизге бархат гүлүн сунушташкан. Анын ири гүлдүүсүн да, майда гүлдүүсүн да өстүрүп көрдүк. Экөө тең шаар шартына жакшы ылайыкташты.
Мындан тышкары, уругун өзүбүз чогулткан рудбекия, гайлардия жана аралаш бир жылдык георгин гүлдөрү да жакшы өсөрүн байкадык. Учурда розанын айрым сортторун да даярдап жатабыз. Аларды биздин шартка ылайыкташтырып өстүрүп, кийинки жылдары шаарга отургузууну пландап жатабыз», — деди Коновалов.