Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Жол коопсуздугу — өмүр коопсуздугу» аталышындагы форум өттү.
Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, форумдун негизги максаты жол кырсыктарын алдын алууга багытталды. Иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Агартуу министрлигинин Ысык-Көлдөгү билим берүү институтунун, мектептердин, Каракол ШИИБдин, мэриянын, жол чарба ишканаларынын жетекчилери, муфтийдин Ысык-Көл облусундагы өкүлү, «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» отряддары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка коомдук уюмдардардын өкүлдөрү катышты.
Форумда облустун аймагында катталап жаткан жол-унаа кырсыктары, кырсыктардын негизги себептери аныкталып, аларды болтурбоонун жолдору боюнча кеңири сөз болду. Форумдун жобосу боюнча атайын резолюция кабыл алынып, ар бир мамлекеттик кызматтар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жол кырсыктарынын алдын алуу иштерин таасирдүү уюштуруу боюнча тапшырмалар коюлду.
Форумдун жүрүшүндө К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын артисттери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында даярдалган кыскача көрсөтүү тартууланып, форум ырлардын коштоосу менен жыйынтыкталды.