Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Гебзе жана Алдашев көчөлөрүнүн кесилишинде электр тирөөчүн унаа сүзүп, электр жарыгын үзгүлтүккө учуратты.
Күбөлөрдүн айтымында, бүгүн, 12-мартта саат 08:30 чамасында «GAC AION Y» үлгүсүндөгү унаа [электромобиль] кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен шаардын борбор тарабында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Жеринде энергектиктер иш алып барып, электр жарыгын берүү саат 09:19да калыбына келтирилди. Учурда электр тирөөчүн алмаштыруу үчүн эки атайын техника, бир бригада иш алып барууда.
Ошондой эле жеринде тийиштүү кызматтар иш алып барып, кырсыктын чоо-жайы такталууда.