Turmush — Бүгүн, 11-мартта Каракол шаарынын жаңы дайындалган мэри Талантбек Иманов шаар активине тааныштырылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жаңы жетекчини президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов тааныштырды.
Президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык Иманов Талантбек Орускулович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалган.
Талантбек Иманов Каракол шаарына кызмат кылууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди.
«Алдыда туризмди өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана шаардын экономикасын көтөрүү боюнча масштабдуу пландар бар», - дейт мэр.
Талантбек Иманов жаңы кызматка дайындалганга чейин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп иштеген. Ал башка кызматка которулганына байланыштуу аталган кызматынан бошотулган.
Жаңы мэр өкмөттө жана ири мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген. Ал буга чейин Инфестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп, санариптик өнүктүрүү министри кызматын аркалаган.
Эмгек жолу:
- 2008–2010 — «Дастан» улуттар аралык корпорациясы» ААКтын коопсуздук кызматынын кызматкери;
- 2010–2011 — «Газпром Нефть Азия» компаниясындагы технологиялык транспорт участкасынын жетекчиси;
- 2011–2014 — «Улан» ААКда режим боюнча директордун орун басары;
- 2014–2017 — «Полигон» ЖЧКсынын башкы директору;
- 2018–2020 — «Улан» ААКтын башкы директору, «Дастан» улуттар аралык корпорациясынын» өнүктүрүү директору;
- 2020-жылдын мартынан баштап — «Дастан» улуттар аралык корпорациясы» ААКтын башкармалыгынын төрагасы;
- 2022жылы — санариптик өнүктүрүү министри;
- 2023-жылы — Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
- 2025-жылдын апрелинен баштап — президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү.