Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Мухтарулло мечитинин алдындагы кайрымдуулук дүкөнү ар жылы Орозо айында иштейт. Аталган дүкөн быйыл да иштеп жатат.
Каракол шаарынын баш имам-хатиби Рустам Ыбыкеевдин айтымында, дүкөн саат 09:00дө ачылып, саат 18:00гө чейин иштейт.
«Кайрымдуу инсандардын демилгеси менен ачылган бул дүкөнгө азык-түлүктү облустун кайрымдуу тургундары алып келет. Аларды дүкөнгө коюп коёбуз. Биздин максат — муктаж адамдарга себепкер болуу. Муктаж адамдар келип, бекер алып кете алышат. Ун, шекер, кесме, күрүч, картошка, нан жана башка азыктар келет», - дейт имам.
Кайрымдуулук дүкөнү 3 жылдан бери иштеп жатат.