Turmush — Кыргызстандын аңчылар тобу уникалдуу олжо — чоң кара бөрүнү атып алганын көрсөткөн видеолор тарай баштаган.
Аңчылардын айтымында, алар кара бөрүнү Суусамыр өрөөнүндө атып алышкан. Мындай учурлардын бири 2021-жылдын декабрында болгон. Кийинчерээк ал “кара бөрү” чоң суммага сатылганы да айтылган. Бирок бир “бирок” бар…
Олжо алган тараптар аңчылык тууралуу кеңири маалымат берүүдөн жана олжону толугураак сүрөттөп берүүдөн баш тартышкан. Бар болгон маалыматты социалдык тармактар дароо таратып жиберген. Бир нече күндөн кийин “кара жырткыч” Сокулук районунан, андан соң Манас айылынын жанынан табылган. Натыйжада декабрь айында атылган кара бөрүлөрдүн саны бир нече башка жеткени тууралуу билдирүүлөр чыккан.
Бул жагдайга эколог Александр Сосновский мындай деп комментарий берген:
«Жаратылышта меланист жаныбарлар кездешет — башкача айтканда түсү таптакыр кара болгон жаныбарлар. Меланизм — фенотиптин бир варианты болуп, бир түрдүн башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу өңү кыйла каралжын болушу менен мүнөздөлөт. Жаныбарлардын сырткы өңүнүн каралжын болушу меланин пигменттери менен аныкталат жана тукум куума өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болот. Меланизм сейрек кездешкен көрүнүш, бирок көптөгөн жаныбар түрлөрүндө байкалышы мүмкүн: сүт эмүүчүлөрдө, сойлоп жүрүүчүлөрдө, курт-кумурскаларда, балыктарда. Меланизмдин карама-каршысы — альбинизм, башкача айтканда таптакыр ак өң. Ал да ушул сыяктуу эле сейрек кездешет. Кыргызстанда ак түстөгү альбинос бөрүлөрдү көп көрдүңүз беле? Бөрүлөрдө да меланистикалык формалар болушу мүмкүн, бирок иттерге караганда кыйла сейрек. Ал эми бөрүнү иттен жакындан так айырмалоону адис гана айта алат», - деди ал.
Чүй—Бишкек аңчылар жана балыкчылар коомунун кинологу Андрей Бушуев бөрүнү иттен бир нече белгилер боюнча айырмаласа болорун, алардын ичинде тиштеринин жана жаак түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү бар экенин түшүндүрдү.
«Сүрөт жана видеолорду карап чыгып, ишенимдүү түрдө айта алам: аңчылар кокусунан же атайылап жаңылышып, итти бөрү деп кабыл алышкан. Бул таң калыштуу деле эмес, иттер да жапайыланып, жаратылышта жашап калышы мүмкүн. Мындай каталарды кетирбөө үчүн аңчылар коомдорунун адистери — кинологдор жана аңчылык боюнча адистер менен көбүрөөк байланышып туруу керек. Ошондой эле мен аңчылар коомунда иштеген убакыт ичинде Кыргызстанда кара бөрү алынган учурлар тууралуу маалымат билбейм», — деп баса белгиледи ал.
Боз бөрүлөрдү көп жолу алган аңчы Николай Радченко аңчылык тарыхында “аңчылар бөрү же итти алганбы?” деген талаш чыккан учурлар болгонун белгиледи.
“XX кылымдын 50–70-жылдарында СССРде мамлекеттик өндүрүүчүлөр жаныбарлардын терисин кабыл алган кезде аңчылар менен сатып алуучулардын ортосунда көп учурда талаш-тартыш чыкчу. Чырдын маңызы мындай эле: аңчылар көп учурда иттин терисин алып келип, аны бөрүнүн териси катары өткөрүүгө аракет кылышкан. Эмне үчүн? Таза экономикалык кызыкчылыктан улам — иттин териси 3 рублга кабыл алынган, ал эми бөрүнүн териси үчүн 50 рубль берилчү. Бөрүнү алуу итти атууга караганда бир нече эсе татаал. Бирок аңтеринин чийки затынын өзгөчөлүктөрүн жакшы билген аңчылык адистери мындай алдоону оңой эле аныкташкан: бөрүнүн терисиндеги түк эки зоналуу өңгө ээ болсо, иттин түгү үч зоналуу өңгө ээ болот», — деп кошумчалады ал.