Turmush — 2025-жылдын башынан бери Ысык-Көл облусунда электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү багытында бир катар ири иштер аткарылды. Электр тармактарын жаңылоо, эски жабдууларды алмаштыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана керектөөчүлөр үчүн шарттарды жакшыртуу жыл ичиндеги негизги приоритеттердин бири болду.
Бул багытта аткарылган иштер тууралуу Кыргызстан УЭТ ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жетекчиси Болотбек Шадыканов айтып берди.
Анын маалыматына караганда, 2025-жылдын башынан тартып электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактарды жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлгөн. Жыл ичинде көмөк чордондордо, аба чубалгыларында жана бөлүштүрүү тармактарында капиталдык оңдоо, реконструкция жана модернизация иштери аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында жана «Кыргызстан УЭТ» ААКтын планына ылайык, төмөнкү иштер толугу менен жыйынтыкталды:
– 90 чакырым 10/0,4 кВ эски алюминий зымдары СИП зымдарына алмаштырылды;
– 1300 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга жаңыланды;
– 18 даана жаңы 10/0,4 кВ көмөк чордон орнотулду;
– 23 даана күч трансформаторунун кубаттуулугу жогорулатылды;
– облус аймагында 7 даана заманбап реклоузер орнотулду;
– кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын административдик имараты реконструкцияланды.
Мындан тышкары, Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ «Үч чоку» жаңы көмөк чордонунун курулушу ийгиликтүү аяктап, пайдаланууга берилди. Бул аймакка кошумча 12,8 чакырым кабелдик чубалгылар тартылып, 4 даана 10 кВ көмөк чордон орнотулду. Жалпысынан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун кубаттуулугу 56,5 МВАга көбөйтүлдү.
Кыш мезгилине даярдык көрүү энергетиктердин негизги милдети болуп саналат. Бул багытта ишкананын жабдууларынын даярдык деңгээли 100 пайызды түзгөн. Атап айтканда:
– 110/35/10 кВ көмөк чордондорунда 50 даана капиталдык оңдоо иши аткарылды;
– 220–110–35 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 100,8 чакырым оңдоо жүргүзүлдү;
– 10/0,4 кВ трансформатордук пункттарда 274 оңдоо иши аткарылды;
– 10 кВ аба чубалгыларында 240 чакырым оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү.
Бул иштер 2025-жыл ичинде жана учурдагы кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу берүү үчүн бекем негиз түздү.
Айрым аймактарда жарык өчүп калуу боюнча кайрылуулар келип түшүп жаткандыгына байланыштуу, учурда шаарларда жана айыл аймактарында пландуу өчүрүүлөр жок экени белгиленди. Авариялык жагдайлар катталган учурда райондук электр тармактарынын ыкчам бригадалары дароо жерине чыгып, кыска мөөнөттө оңдоо иштерин жүргүзүүгө даяр.
Кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча калкка турак жайларды жылуулоо, эски лампаларды үнөмдүү лампаларга алмаштыруу жана өзгөчө жүктөм көп болгон 18:00–21:00 аралыгында электр энергиясын сарамжалдуу колдонуу сунушталды. Ошондой эле колдонулбай жаткан электр приборлорун өчүрүп коюу зарылдыгы белгиленди.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Ысык-Көл облусундагы бардык жеке кардарлардын эски эсептегичтери АСКУЭ акылдуу эсептегичтерине алмаштырылууда. Учурда облус боюнча 123 016 жеке кардардын 93 219уна, башкача айтканда 75,8 пайызга акылдуу эсептегичтер орнотулган. Алар онлайн режимде иштеп, «Мой свет» тиркемеси аркылуу керектөөнү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Алдыдагы жылдарга карата ишкананын негизги максаты — электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, жоготууларды кыскартуу жана керектөөчүлөр үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүү. Бул максатта Каракол шаары, Каркыра өрөөнү жана облустун түштүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жаңы көмөк чордондорду жана аба чубалгыларын куруу, бөлүштүрүү тармактарын күчөтүү пландалууда.
Маектешүү соңунда ишкана жетекчилиги аткарылып жаткан жана пландалып жаткан иштер аймактын энергетикалык инфраструктурасын заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.