Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Айзат Курманбекова. Ал Бириккен Араб Эмиратындагы «Air Arabia» авиакомпаниясында 4 жылдан бери борт коштоочу (стюардесса) болуп иштеп келет. Авиацияга кантип келип калганын, андагы талаптар жана учак ичиндеги кызыктуу окуялары менен Turmush басылмасы менен бөлүштү.
«Мен 1998-жылы 4-августта Нарын шаарынын Чет-Нура айылында төрөлгөм. Мектепти аяктаган соң, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде билим алгам.
Кичинекей кезимде авиацияга кызыгуум анчалык чоң эмес эле. Катар өлкөсүндө иштеп жүргөнүмдө борт коштоочу болуу кыялы пайда болду. Ошондон тартып бул кыялга жетүү жолдорун издеп, даярдана баштадым. Күндөрдүн биринде маектешүү болорун угуп, жумушумдан суранып, Бишкекке учуп келдим.
"Кудай сенин бул кыялыңды ишке ашырарыңа ишенбесе, аны сага кыял кылып бербейт” дегендей, мага да ошондой кыялдардын бири берилди. Мен болсо талыкпай окуп, аракет кылдым», - деди ал.
Сынакта стресске туруштук берүү катуу текшерилет
«Интервью жеңил өткөн жок, бир нече күнгө созулган этаптар болду: өзүн тааныштыруу, англис тили боюнча грамматика текшерүү, математика жана логикалык тесттер, сырткы көрүнүш, команда менен иштөө жөндөмүн аныктоо жана финалдык бетме-бет маектешүү.
Стресске туруштук берүүнү катуу текшеришет экен. Кээде атайылап сынап да көрүшөт. Мисалы, айрым талапкерлерге “өтпөй калдың” деп айтып, алардын реакциясын байкашат. Эгер ыйлап же мүнөзүн көрсөтүп койсо, дароо баа чыгарышат. Ошондой эле бетме-бет интервью маалында жумуш берүүчү атайылап калемин түшүрүп жибериши мүмкүн — сенин кичи пейилдигиңди, жардам берүүгө даяр экениңди көрүш үчүн.
Авиациядагы тренинг учурунда учактардын ар кандай түрлөрүнүн жабдууларын, атайын терминдерди үйрөндүк. Өрт өчүрүү, сууда сүзүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, кош бойлуу жүргүнчү төрөп калса жардам берүү сыяктуу сабактар болду. Экзамендер да абдан интенсивдүү өттү. Кыска убакытта көп маалыматты өздөштүрүүгө туура келди. Анткени бир сабактан же экзаменден өтпөй калсаң, кийинкилерине жетишүү кыйындайт. Ал тургай, сынактардан өтпөй калса кайра жумуштан четтетилишиң да мүмкүн. Мындай жагдайга кабылган тайпалаштарыбыз да болду.
Ошентип, жаңы өлкөгө көнүү жана бардык сынактарды өз убагында тапшыруу чоң жоопкерчилик экенин түшүндүм. Мындан улам бардык убактыбызды жана көңүлүбүздү окууга арнадык. Азыр деле ар 2–3 ай сайын жаңылануучу тренингдерден жана сынактардан өтүп турабыз. Анткени жаңы учактар келиши мүмкүн, процедуралар өзгөрүшү мүмкүн, биз болсо алардын баары менен кабардар болуп турушубуз зарыл. Авиация — бул өмүр бою окуу деп эсептейм.
Сырттан караганда бул кесип романтикалуу көрүнгөнү менен, чынында чоң жоопкерчилик жана сабыр талап кылат. Ар түрдүү эл менен иштөө, убакыт жана климаттын өзгөрүшүнө көнүү оңой эмес. Ар бир кесип ардактуу демекчи, ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыктары жана өзгөчөлүктөрү болот. Жакшы жактарын көрүп, позитивдүү көз караш менен жашоо — ар бир адамдын өзүнө байланыштуу», - деди ал.
60 жашка чейин борт коштоочу болуп иштегендер бар
«Бул жумушка киргенден кийин менин дүйнө таанымым, адамдарга болгон мамилем өзгөрдү, стресске туруштук берүүм да бекемделди. Дагы да жакшы нукка өсүп, өнүккөнүмдү байкайм. Кээде түндө, кээде күндүз уча тургандыктан иш графиги ар түрдүү болот. Ар кайсы мамлекетке барганда убакыт айырмасы да сезилет: бир өлкөгө барсаң убакыт алдыга жылса, башка жерге конгондо тескерисинче артка жылат.
Башында, албетте кыйынчылыктар болду — уйкусуз түндөр, узак сапарлар, үй-бүлөдөн алыс болуу. Мунун баарына көнүүгө убакыт талап кылынат. Бирок тажрыйба топтолгон сайын бул кесипке болгон сүйүүм артты. Өзүмдү психологиялык жактан даярдап, ар бир күндү мотивация менен тосуп алууга үйрөндүм.
Борт коштоочу болуп иштегенден кийин бул жумуштан кетүү кыйын болуп калат. Бизде 20–30 жылдап иштеген кесиптештер бар, ал тургай 50–60 жашка чейин иштей беришет. Эң башкысы — ден соолук чың болушу жана милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүк талап кылынат. Ошондой эле учууну уланткысы келбегендер үчүн кеңседе иштөөнүн да мүмкүнчүлүктөрү бар. Айрым кесиптештерибиз ошол жакта карьерасын улантышат», - деди ал.
Ар тараптан өзүңдү өнүктүрүү...
«Бул жерде коомдук транспорт дээрлик жок. Аба ырайы ысык болгондуктан, дээрлик эч ким жөө баспайт. Тренинг учурунда эле жеке унаа зарыл экенин түшүнүп, дароо айдоочулук күбөлүк алып, биринчи унаамды сатып алдым. Азыр эркин айдайм. Көчөлөрдө камералар коюлган, ошондуктан бардык айдоочулар жол эрежесин так сактап жүрүшөт.
Бул кесип мага дүйнө жүзүн кыдырып, ар түрдүү маданияттарды, тарыхты жана өзгөчөлүктөрдү өз көзүм менен көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле авиациянын өз тилин үйрөнүп, эл аралык деңгээлде иш алып баруу — мен үчүн чоң жетишкендик.
Кошумча моделдик иш менен да алектенип, Катардын жергиликтүү жана эл аралык журнал, дүкөндөрүнүн жүзү болууга жетиштим. Футболду жакшы көргөндүктөн, Катарда өткөн ФИФА турнирлеринде да иштеп, чоң тажрыйба топтодум.
Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм, учурда араб тилин өздөштүрүп жатам. Бош убактымда бий ийримине барам, жаңы нерселерди үйрөнгөндү жактырам, спорт менен машыгам жана сууда сүзүүнү жакшы көрөм. Бул жылы «интерьер дизайн» курсун окуп, үйүмдү өз колум менен жасалгалап алдым. Андан кийин макияж боюнча да окуп, азыр кээде кеңседе иштеп, борт коштоочуларга макияжды туура жасоо боюнча сабак өтүп келем», - деди ал.
Учак ичиндеги кызыктуу окуялар
«Таиланд рейси учурунда кызыктуу окуя болгон. Учак конгон соң мен микрофонду алып, жүргүнчүлөргө: "Урматтуу айымдар жана мырзалар, биз Египеттин Каир шаарына келип кондук" деп, туура эмес айтып алыптырмын. Чынында, бул менин 1 күн мурунку рейсимдин багыты болчу. Ошондо жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, айрымдары “экөө эки башка континент да, эми кантип кайра Таиландга барабыз?” деп нааразы боло башташты. Анан мен кечирим сурап, жарыяны кайра тууралап айтууга мажбур болгом.
Дагы бир жолу учакта кичинекей жүргүнчү мени күлдүргөн. Ал: “Сен асманда жашайсыңбы? Үйүң кайда — булуттардын арасындабы же тоолордобу?” деп сураган эле», - деди ал.
Алдыга коюлган ой-максаттар жөнүндө...
«Өзүмө талапты жогору коём. Эгер бир күнүм жаңы нерсе үйрөнбөй же келечегиме эч кандай салым кошпой өтүп кетсе, убакытты туура пайдаланган жокмун деп ойлойм. Ошондой эле жаңы жерлерди кыдырууну абдан жактырам. Табиятты сүйөм. Канчалык көп өлкөгө барбайын, Кыргызстанга эч бир жер жетпейт экенин түшүндүм. Жумуштан чарчаганда мекениме келип, таза аба менен дем алып, күч-кубат топтоп кетем.
Келечекте үй-бүлөм менен карьерамды чогуу алып жүрүп, билимимди дагы тереңдетип, авиация тармагында чоң ийгиликтерге жетишүүнү каалайм. Ошондой эле жеке өнүгүүм менен катар, башкаларга дем берип, мамлекетиме салым кошкон үлгүлүү инсан болгум келет», — деди ал.