Turmush — Ноокат районундагы математика мугалими Каныбек Матисаков билим берүү тармагында 37 жылдан бери эмгектенип келет. Эмгек жолун 1982-жылы М.И.Калинин атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенүү менен баштаган. 1988-1991-жылдары райондогу К.Жунусов атындагы орто мектебинде математика жана информатика сабагынын мугалими жана 1989-жылдан баштап математикалык класстардын жетекчиси, андан кийин 1992-жылы Кыргыз илимдер академиясынын математика институту менен биргеликте математикалык багыттагы «Ноокат Билимканасы» деген алгачкы лицей-мектепти ачып, анын директорлугуна дайындалган.
1993-1994-жылдары райондогу Гүлистан айылындагы М.Гапаров атындагы гимназияда окуу бөлүмүнүн башчысы, математика мугалими, ошол эле учурда 1994-2000-жылдары Кара-Таш айылындагы «Келечек мектеби» так илимдер багытындагы жарым мамлекеттик мектебинин негиздөөчүсү жана директору, 1996-1998-жылдары Гүлистан айылындагы М.Гапаров атындагы гимназияда директор, математика мугалими, 2000-жылдан 2013-жылга чейин мугалимдерди жана окуучуларды колдоочу «Долоно-Ой» ассоциациясынын директору, 2007-жылы ОшМУнун матанализ кафедрасында ага окутуучу, 2013-жылдан тарта Ноокат районундагы А.Абдувоитов орто мектебинде математика мугалими жана 2014-жылдан бери өз демилгеси менен түзгөн «Билим усулдук борбору» коомдук фондунун директору болуп эмгектенүүдө.
Өзүнүн 36 жылдан ашуун эмгек жолунда бир нече миңдеген окуучуларга сапаттуу билим, адептүү таалим жана тарбия берүүгө жетишкен. Ал өзүнүн педагогикалык эмгегин келечек муундарды тарбиялоого арнады. Өз предметин жан дили менен сүйүп, аны окуучуларга жеткирүүдө ар кандай усулдук ыкмаларды колдонуп, жогорку чеберчиликке жетишти.
Билим берүү тармагындагы жетишкендиктери жана устаздары
- Менин билим берүү тармагына келип калышыма атамдын да таасири бар. Себеби атам Кочкорбай Матисаев физика, математика сабагынан билим берип, өмүрүн агартуу тармагына арнады. Апам Малике Матисаева баатыр эне. 11 бала төрөп, 8 уул, 1 кызды тарбиялап, баарыбызды жогорку билимдүү кылышты.
Орто мектепти 1977-жылы аяктап, 1982-жылы ОГПИнин (ОшМУ) физика-математика факультетинин математика адистигине ээ болдум. 1982-жылы өзүм билим, тарбия алган мектебимден математика мугалими болуп, алгачкы куттуу кадамымды таштадым.
1981-жылы окуу жайдан Ноокаттагы Н.К.Крупская орто мектебине мамлекеттик практикага келгенимде менин математикалык ой-жүгүртүүмдү, сабакты өткөнүмдү көрүп окуу бөлүмүнүн башчысы Азизбек Ташбаев (учурда ОшТУнун профессору) “сен райондук олимпиададан 1-2-орунду алган эки окуучубузду облустук олимпиадага даярдап, орун алып берсең, практикалык ишиңе “5” коюп берем” деген. Ал окуучуларды даярдап, облустук турда 1-2-орундарды алышкан. Мугалимдикке болгон кызыгуумду ушул окуя кайра күчөтүп, шык берген.
1984-жылы Калинин орто мектебинде республиканын эмгек сиңирген мугалими Сулайман Мамарасулов агайдын макулдугу менен атайын математикалык багыттагы 10-классты түзүп, бир жыл даярдап, жыйынтыгында 21 окуучунун 18и атайын жана жогорку окуу жайларынын студенттери болушу менен баштаган ишимдин жемиши жогорку деңгээлде болду.
Сулайман Мамарасулов
Экинчи ийгилигим бул эки окуучуну республикалык олимпиадага жеткиргеним болду. Калинин мектебиндеги устазым С.Мамарасулов ошол эле айылга өзү куруп жаткан Жданов (азыркы аталышы К.Жунусов) атындагы орто мектепке физик мугалим болуп которулуумду суранды. Ошол убактагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Калмамат Абдрахманов эгерде эки окуучуну быйыл республикалык олимпиадага катыштыра алсаң, макулмун деген шартты койду. Ушул кадамым ары татаал, ары түйшүктүү, эсепсиз күчтүү эмгекти талап кылары мага табышмак болду.
Сулайман агай 15 окуучудан турган группа түз, факультативдик сабак берейин, күнү-түнү мектептин лабораториялык тарабы сен жана окуучуларың үчүн ачык деп шарт түзүп берди. Жумасына 3 күн кечки саат 19-22:00гө чейин 20-25 окуучуну окутуп, арасынан эки окуучуну даярдап, республикалык олимпиадага катыштырууга жетиштим. Бул мен үчүн экинчи жеңиш болду.
«Билимкана» лицейин түзүү, максат, кыялдардын орундалышы
- Айылдагы окуйм деген зээндүү окуучуларды ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга окууга өтүшүнө кепилдик берип, бир классты Кара-Таш жана коңшу Борко айылдарынан чогулттум. Ал учурда конкурстук тандоо да жок, жөн гана чакыруу болгон. 1989-90-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын математика институтунун алдындагы класс болуп ачылды. Ага илимий жетекчи болуп Кыргыз илимдер академиясынын ага кызматкери, физика-математика илиминин кандидаты Мамаюсупов Өмүрзак агай катталды. Бирок Өмүрзак агай экөөбүздүн келечектеги максатыбыз лицей ачуу болгон. Студенттердин (НИРС) илимий иштер боюнча конференциясына барган учурда Өмүрзак агайдын сунушу менен Новосибирскдеги математикалык мектепти көрүп суктанып, бизде да ушундай мектеп болсо деп самаган элек.
Кыялыбыздагы мектепти да түздүк. «Ноокат Билимканасын» илимий жетекчи тек гана көзөмөлдөп, мен аткаруу милдетин алдым. Окуу имараты, жабдууларды, окуй турган окуучуларды үч жыл аралыгында Ноокат районунун мектептеринен тандап алып, окута турган мугалимдер коллективин түздүк. Калмамат Абдрахманов агайдын сунушу менен лицей деп атабайлы, жаңычылдыкка умтулалы, «Ноокат лицейи» эмес «Ноокат Билимканасы» деп аталсын деп, учурдагы лицей 1990-91-окуу жылы ачылган. Педагогикалык коллективимдин саны 13 мугалим болчу. Жаңы төрөлгөн баладай таза коллектив. Оозуңдан чыкканды үйрөнөм деген далалаттуу окуучулар. Сулайман агайдын күчү менен 80 күн ичинде бүткөн жаңы имарат. Тез бүткөндүгүнө жараша жылытуу системасын кайра оңдоо, полдорун тактайга айлантуу, кабинеттердин жетишпестиктеринен кең кабинеттерди бөлүү окутууга кошо түйшүктөрдү жаратты. Бул жумуштарды бүтүрөм деп жүрүп ошол учурда үй-бүлөм четте калып, мектепти мектеп кылууга күндүр-түндүр иштөөгө туура келди.
«Ноокат Билимканасы» лицейинин атагы бүт Кыргызстанга таанылышына ошол мезгилдеги Билим берүү жана илим министри Чынара Жакыпованын салымы чоң. Мага өзүң каалагандай иште деген мүмкүнчүлүктү ошол министр түзүп берген. Билимкананы ачып алгандан кийин завхоз да, кароолчу да, математика мугалими да, директор да өзүм болгон күндөр далай эле болду.
Бир күнү эртең менен үйдө чай ичип отурсам, эки окуучу чуркап келип эле «агай мектепке министр эжеке келип, жатаканадагы окуучулар менен сүйлөшүп отурат» дегенде оозумдагы чайды араң жутканым эсимден кетпейт. Шашып жетип барсам, министр окуучуларым менен баарлашып, билим деңгээлин текшерип, сурап, абдан курсан болуп отуруптур. Аткарып жаткан ишиңизге ыраазымын деп ыраазычылыгын билдирип, азаматсыз агай деп колумду кысып көрүшкөнү эч эсимден чыкпайт. Райондук билим берүү бөлүмүнө келип, «эмне үчүн жөнөкөй интернаттардагы окуучулардын алдында килемдер төшөлүү да, таланттуу окуучулардын алдында килем жок» деди. Бул сөз биздин жетекчилерге катуу тийди окшойт, андан кийин өкмөттөн эмне сурасам баары боло баштады.
Алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүздүн 3 алтын медалын жана аттестаттарын Чынара Жакыпова өз колу менен тапшырып жатканда, бир окуучум аттестатын алып жатып «эжеке, биз элеттиктер да сиз айткандай тест болсо, парасыз окууга өтсөк болот экен да» деп сураганда, борборго барганда мага кириңиз, агай, сизге министрликтин эшиги дайыма кезексиз ачык болот деди.
Чолпон Жакыпова айткан сөзүнө туруп, 18 окуучумдун 12си Бишкекке, шартына жараша алтоосу Ошко тапшыра турган болушту. Борборго баруучуларын алып кеттим да, КМУУнун жатаканасында 29 күн даярдадым, окуттум, сынактарын тапшырттым, тамак-ашын ашканада бышырып берип карадым. Абитуриенттердин арасында Ошто да, Бишкекте да 185 жана 187 балл алуу менен эки окуучум биринчи орунду камсыз кылган жана баары экиден жогорку окуу жайына өтүп, 29 күндө айылга кайтып келгенбиз. Ошондой ийгиликтерди жаратып келгенимден соң жанымдагы ишти чогуу баштаган адамдар тетири карап калды, куттукташкан да жок. Министрликтен педагогика илиминин кандидаты деген илимий даражаны сунуш кылганда илимий жетекчибиз каршы пикирин айтып коюп, ошол сунуш жабылуу бойдон калды.
Ошентип иштин чоо-жайын жетишерлик деңгээлде түшүндүм. Кайрылып «Билимканама» барбадым. Ошол убакыт мени өтө карытып жиберди. Мен аны сөз менен айтып жеткире айта албайм. Мен ошондо ушунчалык чечкинсиз,бирибирин коргой албаган бечара мугалимдерге капа болдум, таарындым, боорум да ооруду. Көрсө мугалимдер интеллигенциянын эң аялуу жүлүн, бош, бечара катмары экендигин толук түшүндүм.
Ноокат районунун акиминин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын сунушу менен Ноокат гимназиясына завуч болуп иштеп калдым. Ал гимназияда чейректен «3» деген баа алган балдарды окуудан айдайт экен. Ал балдар жана ата-энелери жалдырайт, кийинки чейректе жакшы окуйбуз деп. Анын да амалын таап, кете турган балдар үчүн жарым мамлекеттик математикалык багыттагы мектеп ичиндеги мектепти ачып, экинчи чейректен кийин окута баштадым. «Ноокат» гимназиясында завуч, «Келечек» жарым мамлекеттик мектебимде директор болуп иштеп баштадым. Чейректен кулап калган окуучуларды кайрадан гимназияга даярдап берип турдум. 1994-жылдан 2000-жылга чейин Кара-Таш айылынын 5-11-класстын окуучуларын сынак менен кабыл алып, окута баштадым. Ошол мезгилдеги айыл өкмөтүнүн башчысы (ЖКнын депутаты, учурда БШКнын төрагасынын орун басары) Бекматов Абдыжапар улуттук фонддун эсебинен 5 гектар жарым кайрак жерди окуучулардын ысык тамагы жана мектептин керектөөлөрү үчүн деп ажыратып берди. Ошентип мектеп райондо жок компьютерлери жана Бишкек шаарынан сатылып алынып келген физика, химия жана биологиялык лабораториялык каражаттар менен билим, тарбия берип жатты. Жыйынтык жаман болгон жок, биринчи бүтүрүүчүлөрүбүздүн баары жогорку окуу жайларга студент болушту. Жаңы окуу жылын эч бир мектепте жок компьютерлер менен баштаганбыз. Ал жылдары катуу аракеттин натыйжасында гимназияда облустук предметтик олимпиадасын өткөрүүгө жана окуучуларды республикалык олимпиадаларга чейин катыштырууга, ЖОЖдорго адаттагыдай эле 97%дан 100%га чейин даярдап өткөрүүгө жетиштик. Бир учурда үч жерде жетекчи болуп иштеп жүрүпмүн, азыр таң калам кантип жетиштим, эмнеге чарчабадым, ошол мезгилдеги жетекчилер ошончолук эле мага ишенгенби деген суроолор ойлонтот же бирөө-жарым сага мынчалык эле иштөөнүн эмне кереги бар деп айтпаптыр.
1984-жылдан 2007-жылга чейинки жылдар мен үчүн кантип өтүп кеткенин, убакыттын ушунчалык кыска экенин билбей, үйгө барып, кайрадан эле ишке келип иштеп жүрө берипмин. 23 жыл өз балдарыма өтө аз убакыт бөлгөнүмө азыр армандамын. 2007-жылы математика илимдеринин доктору, профессор Салы Каримовдун чакыруусу менен ОшМУга МИТ факультетинин матанализ кафедрасына ага окутуучу болуп ишке кирдим. Бирок Ноокаттан Ошко барып келип иштөө жаш өткөндөн кийин болбойт экен.
2013-жылдан тарта А.Абдувоитов атындагы орто мектебинде математик мугалим жана 2014-жылдан баштап «Билим – усулдук борбору» коомдук фондун түзүп, жетектеп, үзүрлүү эмгектенип жүрөм. 2013-жылы Ноокаттагы окуучулардын ЖРТ боюнча орточо баллы 97 балл, демек билим сапатын жогорулатуу үчүн аракет жасоо керек экенин түшүнүп, 2014-жылы математика боюнча мен, кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча А.Абдувоитов атындагы орто мектептин директору Молдобаев Жусуп агайды көндүрүп, район боюнча кыдырып, окутуу менен ЖРТнын орточо баллын 109,7 андан кийинки жылдары 110,8 баллга, 111,9 баллга, 113,4 баллга, былтыр 114,6 баллга чейин жетишине салым коштук десем болот.
Биз даярдаган жылына 200дөн кем эмес балдардын орточо упайы 127 баллдан 147,8 баллга чейин жетти, эң жогорку упайы 206 баллга жетти. Башка райондун билим берүү бөлүмдөрүнүн суранычы менен Кадамжай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда, Кызыл-Кыя, Өзгөн шаарларында ЖРТга даярдоо технологияларын түшүндүрүү менен жылдап сабак өтүп, аларды да алдыга сүрөп келе жатабыз.
Бул мезгил аралыгында бир нече усулдук колдонмолорум жарык көрдү. «Эр эмгегин жер жебейт» дегендей 59 жашымда 2018-жылы 2-октябрь күнү президентибиз Сооронбай Жээнбековдун өз колунан «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамы менен төш белгисин алдым. Бул наамды алгандан кийин менде дагы бир шыктануу пайда болду. Ар кандай ишке жоопкерчилик менен аракет жасоого, калыс сүйлөөгө, дагы бир билим берүү жараянында окуучулардын билимин көтөрүү үчүн, мугалимдердин кесиптик жана усулдук денгээлинин өсүүсү үчүн салым кошкуң келип калат экен. Биз мугалимдердин ишибиздин жыйынтыгы кеминде бир жылда болбосо, беш-алты жылдан кийин билинүүчү кесип.
Менин демилгем, акимдин колдоосу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын өбөлгөсү менен «Билим менен саякатка» деген эки тур менен төрт предметтен 8-9-10-класстарда олимпиада өткөрүп, ЖКнын депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович менен макулдашып, Бишкек шаарына үч күндүк саякатка 40 окуучу, 4 мугалим барып келдик. Анын алкагында:
- Физика илиминин доктору, билимканачы Өмүрзак уулу Эмилбектин жардамында Кыргыз-Түрк «Манас» универститети менен таанышып чыктык;
- Депутатыбыз Зулпукаров Төрөбай Закировичтин колдоосу менен Жогорку Кеңештин сессиясына, кеңешмелер залына кирип, депутатыбыз менен баарлашууга жетиштик;
- «Ата-Бейитке» барып, мемориалдык комплекс менен таанышууга, зыярат кылууга, андан кийин борбор шаарыбыздын эс алуу аянттарына саякат жасап, үчүнчү күнү кайтып келдик.
Мындай саякат районубузда биринчи жолу өткөрүлдү, ата-энелер, окуучулар баары ыраазы болушту. Эң башкысы окуучулардын билимге, жашоого болгон көз карашы бир топ өзгөрдү деп ойлойм.
Жубайым менен чогуу 2 кыз, 2 уулду тарбияладык. 37 жылда жогорку билим алуусуна түздөн-түз таасирим тийген 3000ден ашуун окуучум бар.
Алдыда дагы жеке турмушта, билим берүү жараянында Ноокат шаарынын борборуна «Билим – усулдук борбору» деген имаратты куруп, элге кызмат кылуу деген ой-максаттар бар, аны аткарууга Аллахым жеткирсин.
Матисаев Каныбек Кочкорбаевич өзүнүн педагогикалык турмушундагы тажрыйбаларына таянуу менен бир нече окуу усулдук колдонмолорду жазып, алар азыркы күндө мугалимдердин калың катмарына жайылган. Атап айтканда:
- 2004-жылы математика боюнча тестке даярдануунун №5 жыйнагынын чыгарылыштары;
- 2006-жылы математика боюнча 11-класстын бүтүрүү экзаменинин материалдарын В,С деңгээлин чыгаруу усулдары китеби;
- 2013-жылы математика боюнча текстүү маселелерди чыгаруу ыкмалары китеби;
- 2014-жылы математика боюнча бирдиктүү календардык планынын үлгүсү;
- 2014-жылы мугалимдердин партфолиосунун үлгүсү;
- 2015-жылы күндөлүк сабактын планын жазуу дептери;
- 2016-жылы өз ара сабакка кирүү дептери;
- 2016-жылы өз билимин өркүндөтүү дептери, мугалимдер үчүн колдонмолор;
- 2017-жылы математика боюнча ЖРТга даярдануучулар үчүн окуу колдонмо китеби;
- 2017-жылы жалпы кошумча предметтер боюнча ЖРТга даярдануучулар үчүн окуу колдонмо китеби;
- 2017-жылы Дайырбекованын колдонмосунун негизинде окуучулар жана ата-энелер үчүн колдонмо эки күндөлүгү жарык көрүп, түштүк регионунда кеңири колдонулууда;
- 2019-жылы 8-11-класстын окуучулары үчүн ЖРТга тапшыруучуларга математикадагы калонкалардын чыгарылыштары;
- 2020-жылы 5-6-класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн Дайырбековалар тарабынан сунушталган жандуу математика окуу китебинин бардык мисалдарынын чыгарылыштары боюнча эки китеби;
- 2020-жылы 5-9-класстын окуучулары үчүн лицей, гимназияларга жана математикалык олимпиадаларга даярдануучулар үчүн Россия Федерациясынын билим берүү агенттигинин математиканы тереңдетип окутуу боюнча колдонмосуна кошумча киргизүү менен кыргыз тилине котормо;
- 2020-жылы 7-9-класстын окуучулары үчүн лицей, гимназияларга жана математикалык олимпиадаларга даярдануучулар үчүн Россия Федерациясынын билим берүү агенттигинин математиканы тереңдетип окутуу боюнча колдонмосуна кошумча киргизүү менен кыргыз тилине которгон.
- Өмүрдүн тез өтүп кетерин, адам баласынын улгайып дайыма жаш болуп турбасын туюп отуруп, эмне дээримди билбей отурам. Бирок баштап алган максаттуу, түйшүктүү балдарды тарбиялоо деген жумушум жаштыгымды алып кетиптир. Өзүмдү күзгүдөн карасам кара чачымды ак басып, жүзүмдү билим берүүнүн, кубанычтын бырыштары басыптыр. Бүркүттүн көзүңдөй болгон алгыр, көрөгөч көздөрүм көз айнек менен китеп окуп, дале болсо билим берүү менен алекмин. Мен жаштыгымдын байкатпай өткөнүнө эч убакта өкүнбөйм, өмүр бою Ноокат элимдин балдарына, кыздарына билим-тарбия берип келе жатам.