Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.01.2019 18:06 На русском

Караколго лыжа тебүүгө барган Бишкектин тургунун мейманканада сабап салышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарына эс алууга келген Элмира Султанбекова «Карагат» мейманканасында аны сабап салышканын айтып, милицияга арыз жазды.

1986-жылы туулган Э.Султанбекова Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ал 6-январь күнү курбусу менен Караколдогу тоо лыжа базасына эс алууга келишкен.

«Биз тоо лыжа базасына барып, кечинде отелге келип эс алып жатканбыз. 6-январдан бери бөлмөдө электр энергиясы жок болчу. Менин телефонум өчүп калгандыктан биринчи кабатка түшүп, электр жарыгы качан берилерин билейин дедим. Барсак, биринчи кабатта жарык бар экен.

Кардарларды тейлөө бөлүмүндө Айдай аттуу кыз отуруптур. Биздин суроого орой жооп берип, ал дагы электриктерден улам сурап жатканын айтты. Биз унчукпай, кайра артка кетип жатканыбызда ал артыбыздан цензурага жатпаган сөз менен бизди тилдеди. Биз дагы чыдабай, аны менен уруша кеттик. Ал эми Айдай менин курбума кол көтөрүп кирди. Ошол учурда күзөт кызматынын жетекчиси келип, эки кызды бөлүштүрүүнүн ордуна менин курбумду кармап берди. Ал эми Айдай ага дагы кол көтөрдү. Биз мейманкананын администраторун чакырууну талап кылдык. Бирок ал жаңжал болгондон кийин келди», - деди Бишкектин тургуну.

Элмиранын айтымында, алар милицияга арыз менен кайрылышкан. Администратор кечирим сураса, Айдай күнөөсүн мойнуна алды

Алар видео байкоо камерасындагы жазууларды берүүнү өтүнүшкөн, бирок күзөтчү камера үндөрүн жазбаганын билдирген.

«Азыр бизге кол көтөргөн кыздын жазаланышын талап кылып жатабыз», - деди жабырлануучу.

Жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын травматологуна жардам сурап кайрылган. Дарыгердин кабыл алуусунда ал окуя болгондон кийин саат 23:00 чамасында көзү караңгылап, кускусу келгенин билдирген. Дарыгердин кароосунан кийин ал баш мээсинен жаракат алганын, бети жана мойну сыйрылганын айткан.

Отелдин администратору Гүлмира Усубаева Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, бул жаңжал учурда укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат.

«Аталган факт боюнча милиция кызматкерлерине видео байкоодогу бардык жазууларды бердик, жаңжалдын катышуучулары өз көрсөтмөлөрүн беришти. Айдай аттуу кызматкер убактылуу кызматынан бошотулду», - деди ал.

Ал эми милициядан отелдин кызматкери жана арыз жазган жаран соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнүн билдиришти. Видео байкоодогу жазуулар изилденүүдө, анын жыйынтыгы боюнча чара көрүлмөкчү.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы бул жаңжал боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Каракол ШИИБге Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган тургуну С.Э. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 8-январда саат 23:00 чамасында «Карагат» мейманканасында аны Айдай аттуу кызматкери, мейманканын Элдияр аттуу күзөтчүсү менен анын денесине жаракат келтиришкенин билдирген. Ошол эле күнү «Карагат» мейманканасынын 1994-жылы туулган кызматкери Ж.А. Бишкек шаарынын тургуну С.Э.ге карата арыз жазган. Өз арызында ал 8-январда саат 23:00 чамасында мейманканада Бишкек шаарынын Элмира атуу тургуну мас абалында келип, цензурага жатпаган сөздөрдү айтып, анын денесине жаракат келтиргенин билдирген.

Эки арыз тең каттоого алынган. Арыз ээлери соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлдү. Аталган факт боюнча Каркол ШИИБдин тиешелүү кызматкерлери тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки териштирүү иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×