Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.01.2019 13:50

Бөрүлүү мезгил: Ысык-Көл облусунда 9 айда 127 карышкыр атылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 9 айда 127 карышкыр жана чөө атылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Көпчүлүк карышкырлар Ак-Суу районунун аймагынан атылды. Тагыраак айтканда 58 карышкыр, 13 чөө атылды. Түп районунда 19, Жети-Өгүздө 14, Тоң районунда 5 карышкыр жок кылынды», - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 96 карышкыр, 1 бөлтүрүк өлтүрүлгөн. Мындан тышкары облус боюнча 30 чөө жок кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×