Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.01.2019 17:40

Караколдо жаңы жылдык эс алуу күндөрү 73 жолбун иттер атылды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында жаңы жылдык эс алуу күндөрү 73 жолбун иттер атылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан билдиришти, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматка ылайык, бул жолу иттер Нефтяник кичи районундагы, Элебаев жаңы конушунан жана №3 мектептин айланасынан, шаар четтериндеги көчөлөрдөн атылды.

Иттерди даярдалган эки мергенчи атууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×