Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.01.2019 09:10 Жаңыланды: 04.01.2019 13:06

Тагдыр: 2 баланын жалгыз бой энеси Ширин боорун алмаштыруу үчүн операцияга муктаж (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну Ширин Орозбаева альвеококкоз боор оорусу менен жабыркап келет.

Өзүнүн айтымында, бул ооруга чалдыккандан бери 3 операция болгон.

«2004-жылы биринчи жолу операция болгом. 2013-жылы экинчи, 2014-жылы үчүнчү жолу операция болдум. Дарыгерлер ошондон кийин боорду түз тешип, дренаж койгон. Ошону менен бүгүнкү күнгө чейин жашап жатам. Аны менен көпкө жүрүүгө болбойт экен. Тез аранын ичинде боорумду алмаштыруу керек болууда. Боорумдун кан тамырларын альвеококкоз каптап кеткен деп жатышат», - деди ал.

Анын айтымында, бир туугандары дагы ден соолуктарынан жабыркап келишет.

«Өзүм 7 бир тууганмын, 5 бир тууганым көз оорусунан улам 1-топтогу майып болушкан. Атам жана апам дагы 1-топтогу майып. Алар дагы көз оорусунан жабыркашат. Күндүз кичине жарыкты көрүшөт, кечкисин такыр көрүшпөйт, ошондуктан баарын жетелеп жүрүш керек. Атам учурда такыр көрбөй калды.

Ал эми менин боорум ооругандыктан 1 топтогу майыпмын, 2 балам бар, жолдошум жок. Боорумду алмаштырууга 26 миң доллар керектелет деп айтып жатышат. Бир туугандарым жана ата-энем дагы майып болгондуктан мындай каражатты табууга шартыбыз жок. Ошондуктан кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Үйдө баарыбыз пенсия жана жөлөк пул менен гана жан багабыз», - деди ал.

Байланыш номуру: 0703228500 WhatsApp, 0707381689 атасынын номуру, 0703228500 Элсом. Сбербанк 4276400074906927.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×