Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.12.2018 15:09

Ысык-Көлдө турак үй өрттөнүп, кожойкеси көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск кыштагында жайгашкан турак үй өрттөнүп, аял кишинин денеси табылды. Аймактык кабарчы тактаган маалыматтар боюнча, маркум 80 жаштагы үй ээси экени аныкталган. Ал үйүндө жалгыз жашачу.

Батирдеги өрт 30-декабрда саат 22:00 чамасында тутанып, өрт өчүрүүчүлөрдү кошуналары чакырган. Алдын ала божомолдор боюнча, өрт жуурканга жакын коюлган электр плитадан чыккан. Ошондой эле бөлмөдө электр жылыткыч күйүп турган.

Экспертизанын алдын ала корутундусунда кожойке истүү газга ууланганы айтылат. Кошуналары маркум ден соолугунан жабыркап, балдактын жардамында басып жүргөнүн кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×