Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.12.2018 12:06

Ысык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алуу иштери күчөтүлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жаңы жылдык майрамдарга карата жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол көзөмөлдөөчүлөр мектептерди кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар ар бир мектеп, бала бакчаларда өтүп жаткандыктан, облустук ЖКККБ кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо боюнча иштер күчөтүлдү. Ошону менен бирге кышкы каникул учурунда жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектептерди кыдырып, жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, лекция, дил маектер уюштурулууда. Мындан сырткары, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен атайын жолугушуулар өткөрүлүп, каникул учурунда балдардын коопсуздугун катуу көзөмөлгө алуу эскертилди.

ЖККК бөлүмү жалпы ата-энелерден каникул учурунда балдарды жолдун боюна жана көчөлөрдүн кесилиштерине ойнотпоону, үйдөн балдарга жол эрежесин үзгүлтүксүз үйрөтүп турууну суранат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×