Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.12.2018 10:50

Караколдо 82 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду

Turmush -  Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаарчасында жайгашкан 4 кабаттуу турак үйдүн батиринен өрт чыгып, 82 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркум 1936-жылы туулган И.В. экени такталды. Ошондой эле өрттүн кесепетинен батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×