Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.12.2018 09:16

Ысык-Көлдө ардагерлер арасында өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ардагерлер арасында волейбол боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, ага облустун аймактарынан келген 9 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Тоң районунун ардагерлери, 2-орунду Ысык-Көл районунун командасы, 3-орунду Түп районунун ардагерлери камсыздашты. Аларга диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×