Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.12.2018 12:42

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ботбай Куланбаев дүйнө салды

Turmush -  Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эстрада ырчысы, улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу Ботбай Куланбаев Ормучиевич дүйнө салды.

Ботбай Куланбаев 1949-жылдын 13-февралында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаардык педагогикалык институтунда билим алып, аны 1979-жылы аяктаган. Кийин Ак-Суу райондук маданият бөлүмүндө автоклубдун башчысы, 1979-82-жылдары Каракол шаардык маданият үйүнүн алдындагы ансамблдин көркөм жетекчиси болгон.

1982-89-жылдары «Кыял» элдик көркөм кооперациясынын Караколдогу улуттук музыкалык аспаптарды жасоочу бөлүмүндө мастер, 1989-жылдан «Насыйкат» кичи ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

«Боз салкын» ыр-бий ансамбли менен Ливияда, Түркияда, Сомалиде, Италияда гастролдо болгон. Италияда жеке концерт берген. 1991-жылдан бери И.Туманов атындагы музыкалык окуу жайда иштеп келген.

Б.Куланбаев Тору-Айгыр айылында эртең акыркы сапарга узатылмакчы. Артында 2 уулу, кыздары калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×