Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.12.2018 09:27

Караколдо 150 балага мэрдин балаты майрамы уюштурулду (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 150 баланын катышуусунда мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар, Апрель революциясынын баатырларынын, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды.

Аларга белектер берилип, жомок каармандары жаңы жылдык маанай тартуулашты. Мындан тышкары, дагы 130 баланын үйлөрүнө мэрдин атынан белектер жеткирилип берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×