Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 24.12.2018 21:28

Караколдун тургуну муктаж балдарга жардам берүү үчүн «таттуу стол» уюштурду (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Жамиля Сыдыгалиева акыркы 5 жылдан бери кайрымдуулук акция уюштуруп, андан түшкөн каражатты аз камсыз үй-бүлөлөрдүн баладарына, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жумшап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, акцияга каалоочулардын баары катыша алышат.

«Мындай акциялар Европа өлкөлөрүндө, Америкада кеңири тараган. Бизде салыштырмалуу жакында эле өткөрүлүп баштады. Ошондуктан биз жарандарды жардамга муктаж адамдарга жардам берүүгө үндөгүбүз келет. Бул жолу биз "таттуу стол" уюштуруп, таттууларды бышырып келдик. Аны сатып алган ар бир жаран муктаж балдарга жардам берген болот», - дейт ал.

Ал белгилегендей, өткөн жылы ушундай акциянын жардамы менен 50 жаңы жылдык белек даярдоого мүмкүн болгон. Ошондой эле, жайында акциянын алкагында 140 окуучуга жон баштык сатылып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×