Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.12.2018 17:02

Ысык-Көлдө ушул жылдын мыкты спортчулары, активдүү жаштары сыйланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мыкты жаштар жана спортчуларды сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сыйлоо аземине дене тарбия жана спорт кызматкерлери, ардагерлер, спортчулар, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Каракол шаарынын мэри, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы жана федерациялардын өкүлдөрү катышты.

Каракол шаарынын мэри өз куттуктоосу менен бирге мэриянын сыйлыктарын ыйгарса, Футбол федерациясы спортчуларга медаль, кубокторун тапшырды.

«Жылдын мыкты машыктыруучусу» наамы менен сыйлангандар:

1. Маматкулов Токтосун Сейталиевич – футбол
2. Аматов Сабуржан Асанович - дзюдо
3. Раматов Марат Садинович – таяк тартыш
4. Мох Александр Иванович - жеңил атлетика
5. Казакбаев Азамат Сагалиевич - самбо
6. Жакыпов Мирбек Жыргалбекович - грек рим
7. Туложанов Бакыт Жеӊишбекович - тоо лыжа
8. Омурбеков Акысбек Орозалиевич –каратэ
9. Кадыров Азаматжан Муминович – футбол
10. Азискан уулу Төлөгөн - футбол
11. Шаабаев Орозобек Жакыбалиевич – ордо
12. Абдыбек уулу Руслан – кол күрөш
13. Кендирбаев Канат Жумаевич – тогуз коргоол

«Жылдын мыкты спортчусу» наамы менен сыйлангандар:

1. Нурмухамедова Шахида Атабековна - дзюдо
2. Асанов Азамат Ишенбекович – таяк тартыш
3. Гордеев Максим Александрович – тоо лыжа
4. Бараканов Белек Кубатбекович - самбо
5. Жапаров Азамат Букарович – грек-рим
6. Болот уулуАдилет – каратэ до
7. Сагынбекова Жаныл Сагынбековна – тогуз кооргол
8. Келишова Баяна Белековна – футбол.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×