Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2018 19:21 На русском

Сүрөт: Караколдун борбордук аянтында жаңы жылдык балатыны жандырышты

Turmush -  Бүгүн, 19-декабрда Каракол шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Шаардын вице-мэри Сеит Өскөнбаевдин айтымында, эртең айрым аткарылбай калган жумуштар жасалып, аянт көрккө бөлөнөт.

«Балатыны бүгүн эле жандырдык, бирок бир сааттын ичинде аянтка көп тургундар чогулушту. Бүгүн Караколдо кар жаап, жаңы жылдык маанай тартуулады. Дагы толуктоолор болот», - деди ал.

Балатынын бийиктиги 21 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×