Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2018 15:19 На русском

Сүрөт — Караколдо көмүр тартып бара жаткан унаадагы газ баллон жарылып, айдоочу колунан күйүк алды

Turmush -  Караколдун жолунда көмүр тартып бара жаткан унаадагы кичинекей газ баллон жарылып, айдоочу колунан күйүк алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын эжеси М.Эльвира билдирди.

Анын айтымында, 18-декабрда кичүү иниси Нарын облусунун Жумгал районунан Ысык-Көлгө көмүр тартып келе жаткан. Унаасынын салонунда тамак жылытып жана чай кайтатып ичүүгө кичинекей газ баллону болгон. Белгисиз себептерден улам аталган баллон Каракол жолунда жарылып кеткен. Анын кесепетинен оң колунан күйүк алган. Жабырлануучу бул абалда, бир колу менен унааны Каракол шаарына чейин башкарып барган. Ал шаарга келер менен облустук ооруканага кайрылган. Ага дарыгерлер тиешелүү медициналык жардамдарды көрсөтүп, бирок ооруканага жаткырышкан эмес. Ак халатчандардын мындай мамилеси жабырлануучунун эжесин нааразы кылууда. М.Эльвира мындай абалдагы бейтап ооруканага жатып, дарыланышы керектигин айтты.

Учурда жабырлануучу М.А. үйүндө ийне алып жатат.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×