Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2018 10:52

Караколдо авариялык абалдагы 220 бак-дарак кыйылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында авариялык абалдагы бактарды кыюу иши жүрүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Каракол шаардык Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, быйыл шаар ичинен 220 авариялык бак-дарактар кыйылды. Анын ичинен серебряк - 112, карагач - 2, кызыл карагай - 6, кайың - 89, акация - 2, тал - 7, клен - 2 даана кыйылды.

«Бир бакты кыюу чыгымын күйүүчү майын кошуп эсептегенде, жалпы 1827, 24 сом жумшалат. Кыйылган бактар жарамдуусу сатылып, отуну 50,5 метр кубу жардамга муктаждарга берилди», - деп билдиришти ишканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×