Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.12.2018 10:30 На русском

«Мекендештер»: Жолдошунан эрте айрылган Рита Итимбаева Москвада эмгектенип, кызын турмушка узатты (сүрөт)

Turmush -  50 жаштагы Рита Итимбаева 10 жылдан бери Москва шаарында курулуш иштеринде эмгектенип келет. Ал кесиби боюнча фельдшер-акушер экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Рита Итимбаева 28 жашында жолдошу каза болуп, бир кызы менен жесир калган. Ал эми 2007-жылы Москвага мигрант болуп келген. Кесиби боюнча Бишкектеги медицина борборунда 5 жыл иштеген. Бирок эмгек акы аз болгондуктан Россияга кетүүгө аргасыз болгон.

«Себеби кызымды окутуп, жакшы кесиптин ээси кылышым керек болчу. Алгач бул жакка келгенимде дүкөндө пол жууп жүрдүм. Кийинчерээк тааныштар аркылуу курулуштан иш таптым. Ал жерден кыйынчылыктын баарын көрдүм. Жашаган жатаканабыз жер төлөдө экен. Эч кандай шарт жок жана суук болчу. Сууга бышкан картошка, күрүч, кесме же гречка менен тамактанчубуз. Эмгек акымды бербей коюшканда ал жерден кетип калгам. Андан кийин башка курулуштан жумуш таптым. Ал жерден да эмгек акымды бербей кыйнашты. Акча жоктугунан катыган нан жеп жүргөн учурлар болду. Бир жылдан бери фирмада келишим менен иштеп жатам. Бул жерде жакшы, айлыгыңды убагында беришет. Чогуу иштеген адамдар менен мамилем жакшы. Кичинекей кезимде эле ылайдан үй куруп ойночумун. Иштеп жатканда ал күндөрдү эстейм. Жетекчилердин мактоосу мага күч берет», - дейт ал.

Рита Итимбаеваны 23 жашында өзү тааныбаган адам ала качып кеткен. Ата-энесинин айтканы менен ошол үйгө келин болуп калган.

«Ата-энеме үч күндөн кийин кабар жеткен. Алар "кыз таш түшкөн жеринде оор" деп мени калтырып кетип калышты. Ошол күндөн баштап көрбөгөн кордуктун баарын көрүп баштадым. Аны менен жашоо мага өтө кыйын болду. Жок нерседен уруш чыгарып, жөнү жок эле кызганып, сабап салчу. Көгөргөн көзүм менен жумушка барып жүрдүм. Ал "менин сүйгөн кызым башка болчу, мен ошого үйлөнмөкмүн" деп айтты. Ал сөздөр жүрөгүмдү бычак менен тилгендей тилип кетчү. Убакыт өтсө баары ордуна келет деп чыдап жашап жүрдүм. Бирок мен ойлогондой болгон жок. Экөөбүз 1993-жылы кыздуу болдук. Багы жокко дагы жок болуп, кызым 5 жашка чыкканда жолдошум оорудан улам каза болуп калды. Кийинчерээк кызымды алып, ата-энемдин үйүнө келе бердим. Ошол күндөн баштап жашоом андан да татаалдашып кетти. Өзүм негизи Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөм. Ошол эле шаарда ооруканада өзүмдүн кесибим боюнча иштеп жүрдүм. Айлык аздыгынан Россияга иштегени кеткем. Кызымды Улуттук университетте окутуп, турмушка узаттым. Эми үй сатып алсам карыганда ошол жерде жашайм. Кыргызстанга апамдын үйүнө 1 жылда бир барып, 1-2 ай эс алып кетем», - деди мекендеш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×